[{{mminutes}}:{{sseconds}}] X
Пользователь приглашает вас присоединиться к открытой игре игре с друзьями .
Обычный киргизский
(4)       Используют 15 человек

Комментарии

Мультилингва 7 августа 2021
Словарь включён в программу мероприятия [08.08.21 - 29.09.21] Мультилингва МЕГА 3.
Мультилингва 15 августа 2018
Словарь включён в программу мероприятия [18.07.18 - 07.09.18] Мультилингва МЕГА 2.
Написать тут
Описание:
Тексты длиной 270-300 символов
Автор:
Phemmer
Создан:
12 июля 2017 в 18:26 (текущая версия от 12 июля 2020 в 17:22)
Публичный:
Нет
Тип словаря:
Тексты
Цельные тексты, разделяемые пустой строкой (единственный текст на словарь также допускается).
Информация:
Поиск и подбор материала: I_rena
Нарезка отрывков словаря: Phemmer
Содержание:
1 Жасалгалуу кең бөлмөнүн ичинде ал бир аз сүрдөй түштү. Кала берсе колундагы шапкесин да кайда коёрун билбей кайсактап, акырында аны чөнтөгүнө тыкшыра салайып дегенче болбой, тиги жолдош аны сезе коюп, ал таңыркай түшкөндөй ыкчамдык менен анын колунан алып, босогодогу илгичке кыстара салды.
2 Роял менен үстүндө китептер үңүлүп турган столдун ортосунан катары менен алты киши кең-кесири өтүп кетиши мүмкүн эле, бирок ал, бул жер-ден да өзүнүн тартынчактыгын билгизип, шыдыр өтүүдөн тартынып, демин ичине алып акырын эптеп-септеп, кысталып жатып араңдан зорго дегенде өттү.
3 Тетигил эмне-ой? Мага кат келип калса керек! Артур конокту оюн жыйып алууга эркин коюп, өзү столдун жанына келип катты ачып окуй баштады. Конок да буга түшүнүп, ичинен ыраазы болуп жымыңдай түштү. Ал табыйгатынан эле өтө сергек жана сезгич жигит боло турган, ошондуктан.
4 Ал тер чыга түшкөн маңдайын бет аарчысы менен сүртүп алды да, көздөрүндө капканга түшүп калуудан катуу чочулап турган жырткыч айбандын көздөрүндөгүдөй коркунучтар али да болсо жанып турганы менен, үйдүн ичине эми мурдагыга караганда кадимкидей токтоо да, сабырдуу да көз жүгүртүп чыкты.
5 Бул аябагандай сулуу көрүнүш эле, ал эми сулуулук болсо аны чексиз өзүнө тартып, азгырып кетүүчү. Ал өзүнүн жанагы теңселген басышын унутуп коюп, илинип турган ошол сүрөткө такай жакындап келди. Эми ага бул сүрөт эч кандай деле кооздугу жок, одуракай сүртүлгөн бир боёк болуп көрүндү.
6 Чындыгында ал магазиндердин текчелеринен боёк менен тартылган кооз сүрөттөрдү да көргөн эле, бирок аларды жакшылап байкап кароого сыртындагы айнектери дайыма тоскоолдук жасоочу. Ал катты окуп жаткан досун көздөй көз чаптыра бергенде, столдун үстүндө жаткан китептерди байкап калды.
7 Аңгыча болбой, бул китептердин арасынан ал өзү жакында эле окуган бир китебин жолуктурду. Бирок, ушул жалгыз китептен бөлөгүнүн бардыгы ага алардын авторлору сыяктуу эле, чоочун китептер болучу. Ал колуна тийген Суинберндин томун жүздөрү нурдана түшүп, өзүнүн кайда тургандыгын унутуп окуй баштады.
8 Бул мистер Иден! Мартиндин колундагы китеби эрксизден жабыла түшүп, мурда угуп көрбөгөн бул сөздөн бүткөн бою дүркүрөп, артына бурулуп карай албай калды. Бул өзгөрүлүү бөлмөгө кирип келген жаш селкинин таасиринен болбостон, анын бир тууганынын азыркы айткан сөзүнөн эле.
9 Мартин анын кийген кийимдерин жакшылап да байкаган жок, бирок анын өзү кандай сонун болсо, ага анын кийиминин жарашыгы дагы дал ошондой сонун болуп көрүнгөнсүдү. Ал кыялында бул кызды ичке сабактагы алтын түстүү сары гүлгө салыштырып көрдү. Жок, бул салыштыруу да туура эмес эле.
10 Мына ушул сезимдердин, ойлордун жана көрүнүштөрдүн бардыгы көз ирмемдей гана кыска убакытка созулду... Сырткы окуялар өзүнүн ирети менен токтолбостон өтүп жатты. Руфь ага колун сунуп, экөө кадимки эркектерче бекем кол алышкан учурда анын жылдыздай жанган көздөрү көзүнө кадалып турганын байкады.
11 Башка аялдар Мартиндин колун минтип бекем кысып учурашчу эмес эле. Алар кээде гана салкын кол алышып учурашуучу. Ушул учурда ага ар түрдүү аялдар менен өзүнүн кантип таанышкандыгы жөнүндөгү элестери кадимки күңүрт картина сыяктуу болуп көрүнүп, аны өз кучагына эрксизден тартып кетти.
12 Мунун бардыгы ал үчүн чоң жаңылык болду. Ал кологой жигитпи же болбосо, шамдагайбы, мындай суроону өзүнө эч качан мурун берген эмес. Дал ушинтип, ал эч качан өзүнө-өзү сын берген эмес. Ал дагы эле колдорун кайда катарын билбей, этияттык менен келип креслонун четине олтурду.
13 Канчалык чеберденсе дагы, колдору ага тоскоолдук кылып туруп алды, анан калса, Артурдун дагы сыртка чыгып кеткенин карачы. Мартин Иден өтө капа боло түштү. Эми Мартин бөлмөнүн ичинде аппак болгон аял кейпин кийген пери менен жалгыз өзү калып, сүрдөгөндүгүнөн өзүн-өзү таптакыр жоготуп жибере жаздады.
14 Анын ырлары сизге жагабы? Мартиндин кызыккан ар бир суроолору жөнүндө ал жеңил жана эркин сүйлөп жатты. Мартин болсо өзүн эркин сезип, креслого дагы тереңирээк ныгырылып олтурду жана кресло анын алдынан жылып кетип, жерге шалак дей түшө тургандай сезип, анын туткасынан бекем кармап олтурду.
15 Ал Руфтун жүрөгүнө жакын теманы тапканына өтө кубанып жана анын татынакай башына ушунчалык көп билимдин батканына таңыркоо менен көңүлүн коюп жүрөктү элжиреткен назик денесине кыялдануу менен тиктеп, кумарланып олтурду. Ал уккан сөздөрүн жакшылап түшүнүүгө аракеттенип жатты.
16 Ал айланасындагынын бардыгын унутуп, жалындаган көз караштарын Руфтан көпкө чейин албай турду. Ушул минутада ал, бул турмушта эмне учун жашап. эмне-үчүн умтулуп, эмне учун күрөшүп жана эмне үчүн өлүү керек экендигин түшүндү. Эми китептердеги айтылгандар туура болуп чыкты.
17 Руфь анын кыялына канат бергендей сезилип, анын көз алдына жаркыраган зор картиналар пайда боло түштү. Бул картиналардын ичинде, романтикалык сырдуу образдар, ак куба келген ушул алтын түстүү аял үчүн көрсөтүлө турган сүйүүнүн жана баатырдыктын эрдиктеринин элестери катылып жаткан эле.
18 Эркектер жана турмуш жөнүндө көп билбеген Руфь Мартиндин бул жалындуу көз карашын аялдык сезим менен байкай коюп, күтүлбөгөн жерден сактана түштү. Ушул убакка чейин бир дагы эркек аны ушунчалык берилген көз караш менен тиктеген эмес эле жана бул көз караш аны өтө апкаарытып жибергендей сезилди.
19 Мартин бул сөздү айтып, кадимки ачкалыктан башы айланган киши сыяктуу эмне экенин билбей, башы эңгир-деңгир боло түштү. Руфтун күлкүсүнөн анын бүткөн бою чымырап кетти. Чиркин, үнүнүн тазалыгын карачы, кадимки күмүштүн дабышындай, — деп ойлоду ал, — кадимки күмүш коңгуроо тим эле.
20 Сизге рахмат. — Суинберндин улуу акын болбой калышынын себеби — анын кээ бирде одонолук жагы бар. Анын кээ бир ырларын кишинин окугусу да келбейт. Чыныгы акындын ырларынын ар бир сабы терең ойго бай келип, адамды өзүнө өтө тартып, аны эң сонун, эң жогорку нерселерге чакырып турат эмеспи.
21 Азыр эле окуган ырларынан ал боорукерликти жана турмуштун зор экендигин сезген эле, бирок анын бардыгын толук түшүндүрүп берүүгө анын сөздөрү жетишкен жок. Ал өзүнө өзү караңгы түндө чоочун жабдуулардын арасында адашып жүргөн башка бирөөнүн кемесиндеги суучул сыяктуу болуп көрүндү.
22 Карап тур сени, — деди ал чечкиндүү, — демек кандай гана болбосун бул түшүнүксүз нерселер мага түшүнүктүү болууга тийиш. Ал эч качан өзүнүн каалаган нерсесине жетпей койгон эмес, мына азыр ал, Руфга өзүнүн сезимдери менен ойлорун туура түшүндүрүп айта алгыдай болууга тийишмин деп өтө бекем чечти.
23 Руфь күлүп, жакшы эле окуптурсуз дегендей башын ылдам ийкеп жиберди, бирок Мартин анын бул күлкүсүнөн кечиримдүүлүктү, капалуу кечиримдүүлүктү сезип калды. Ал өзүнүн арзыбаган билгендери менен мактанам деп бекер уят болуп калды. Калыбы, Лонгфелло деген акын сан жетпеген китептерди жазса керек.
24 Буга менин башым жетпейт... Бирок — буга башымды жете тургандай кылам. Мен айтканымды жасай алам. Анын акыркы сөздөрү кекеткендей угулду. Үнү титиреп, көздөрү оттой жанып, уурттары кыймылдай түштү. Руфка анын жаак сөөктөрү чыга түшкөндөй көрүндү. Жүздөрү сурданып, кабагы бүркөлүп кетти.
25 Бул оюнан ал уялып кетти. Күтүлбөгөн жерден ал өзүнүн кандайдыр бир кемчилигин билдирип койгонсуду. Ушул убакка чейин Руфка күчтүү адамдар олдоксон, орой жана маданиятсыз сыяктуу болуп сезилип келген эле. Анын самаган жигити мындай эмес, назик жана сулуу, болууга тийиш эле.
26 Ал табийгатынан күчсүз, назик жаралгандыктан анын денеси, жаш акылы албетте өтө күчтүүлүктү самачу. Ал муну мойнуна алгысы келбеди, бирок анын бир билгени, — туура сүйлөй албаган сөздөрү кулагына жагымсыз угулса да, бир дагы эркек тана аны ушул күнгө чейин өзүнө азыркыдай күчтүү тартып алалган эмес.
27 Көрдүңүзбү, мени эч ким, эч качан сиз билгендей сонун нерселерге үйрөткөн эмес. Мен китеп окуганды, ыр жазганды абдан жакшы көрөмүн, убакыт табылары менен эле дароо китеп окууга киришем. Бирок, окуган китептерим жөнүндө мен эч качан сиз сыяктуу терең ой жүгүртө албаймын.
28 Бирок, окуп жүргөнүмдө мен дайыма жакшы окуп, ар качан баалуу сыйлыктар менен сыйланчумун. Ушул замат ал мактанып жибергендиги үчүн ичинен өзүнө өзү кыжыры келип, креслонун туткасына колдору карышканынан манжалары сыздай түштү. Аңгыча болбой, үйгө кандайдыр бир аял кирип келди.
29 Алар кучакташып, өбүшүп көрүштү да, ошол кучакташкан калыптарында Мартинди көздөй басышты. Мартин бул Руфтун энеси болсо керек деп ойлоду. Бул узун бойлуу, ак саргыл чач, сымбаттуу, сулууча келген аял ушундай үйдүн ээси деп ойлой тургандай өтө келишимдүү кийинген киши эле.
30 Мунун артынан анын көз алдына Иокогамдын Гранд-Отелясынан алыстан көрүүгө туура келген аялдары келе түштү. Мындан башка дагы Иокогандын, түркүн шаарлардын жана гавандардын жүздөгөн көрүнүштөрү чубап өттү. Ал ойлорун тез алмаштырууга өзүн мажбурлап, бардык көңүлүн азыркы окуяга топтоого умтулду.
31 Бул экөө Руфтун бир туугандары экендигине көзү жетип, эми аларга бөтөнчө урматтоо менен мамиле кыла баштады. Карачы, буларды, бири-бирин кандай кадыр тутушат! Ага ушул замат Руфь апасын кантип тосуп алгандыгы, кантип өбүшүп жана кантип кучакташып, аны көздөй басышкандыктары элестеп кетти.
32 Ал эми буга окшогон мамилелер жупуну турмушта жашашкан ата-энелер менен балдарынын ортосунда жокко эсе боло турган. Бул ага кала берсе, кандайдыр бир жаңы ачылыш сыяктуу болуп сезилип кетти; экинчиден бул — жогорку таптар жетишкен жогорку сезимдердин айкыначык далили болду.
33 Бул болсо ал өзү көрүп, сезип турган бул сыяктуу жаңы дүйнөдөгү эң сонун нерселердин сонуну эле. Ал бул көрүнүшкө өтө суктана түшүп, жүрөгүндө назиктиктин жана тилектештиктин оту жалындана сого баштады. Ал сүйүүнү бүткүл өмүрү бою издеп жүрдү. Анын жаратылышы сүйүүнү эңсеген кези эле.
34 Бирок муну ал эч качан мойнуна алчу эмес. Жада калса азыр дагы мойнуна албай олтурат. Анын көз алдына назик сүйүүнүн элестери келип, алар ага ушунчалык баа жеткис асыл, кол жеткис бийик, укмуштай сонун болуп көрүндү. Бактысына жараша азыр мистер Морздун жоктугуна сүйүндү.
35 Ойлоп көрүңүзчү, мунун үстүнө анын атасы менен дагы таанышса эмне деген жорук болмок? Жок, жок, жетишет! Ал өмүрүндө эч качан азыркыдай кыйналып, кысталган эмес. Бул окуя менен салыштыра келгенде, ага дүйнөдөгү эң кыйын жана татаал иштер жөн эле бир баланын оюнчугундай нерсе болуп көрүндү.
36 Ушул күнгө чейин ал бул чөйчөктөр тууралу элден укканы менен, өз көзү менен аларды көргөн эмес, мына эми, азыр ал бир же эки мүнөт өткөндөн кийин аны көрөт, — анткени ал, колдорунун учтарын тамактан кийин дайыма чайкап көнүшкөн жогорку таптын адамдары — ак сөөктөр менен бирге олтурат.
37 Аны өзү дагы, ооба өзү дагы алар сыяктуу эле, азыр тамактан кийин колдорун чайкайт. Макул, анысы ал болсун. Эми ал өзүн кандай алып олтурушу керек? Булардын жанында ал өзүн кандай кармоого тийиш? Мына ушул ойлор анын тынчын кетирди. Ал чымырканып ойлонуп ушул маселени чечмек болду.
38 Руфтун бир тууганы ушундай эки жүздүү жандими экендиги Мартиндин оюна эч качан келген эмес. Кала берсе ал аны төпөштөөдөн куткарып калбады беле. Мына, ал өзүн азыр жеткен бир шордуудай сезип, айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн бардыгынан көңүлү сууп, каңырыгы түтөп столдо өзүн араң эле кармап олтурду.
39 Мурун тамак жегенде эч нерсени элес алчу эмес. Ал ага тамак гана болуп сезилчү. Эми болсо, таптакыр башкача, тамак ичүү анын эң сонун сезимдерин козгоп, эстетикалык функциянын ролун аткарды жана сезимди гана козгоп тим болбостон, акыл-эсти да өөрчүтүүчү курал сыяктуу болуп көрүндү.
40 Ал «суучулдук» көнүмүш боюнча Руфтун бир тууганынын берген суроосуна «ооба, сэр», деп аз жерден жооп берип жибере жаздап, өзүн-өзү кайра кармап калды. Эгерде ушинтип жибере турган болсо, анда ал өзүн-өзү булардын астында кемсинтип, уяткарып алып, өзү эңсеп отурган Руфка жакпай калмак.
41 Ал кыялында ошол китептердин ичине түшүп алып, мукабалары кооз томдордун барактары аркылуу саякат жүргүзгөнсүдү. Ал Артур айткандай киши кийикке окшош эмес, койдон жоош болуп эле, адамча столдо тынч гана олтуруп, бир гана буларга эми кандай мамиле жасасам дегендей ойлор менен алпурушуп жатты.
42 Ал ыгы келген кезде гана сүйлөп коюп олтурду, бирок, сөздөрү улам бир жеринен мүдүрүлгөнсүп кетип жатты. Ал өзүнүн көп тилдер аралашкан сөз байлыгынын кенчинен керектүү сөздү таап сүйлөөгө өтө аракеттенип көрдү, бирок, ал тапкан сөздөрүн тили келип туура айта албачудай коркту.
43 Сөз тизмегинин начардыгынан ал эмнени сезип, эмнени ойлоп тургандыгын түшүндүрө албагандыгына өзүнө-өзү ичинен наалат айтып, бушайман болду. Крахмалдуу жака анын мойнун кандайча кысып, муундуруп жиберген болсо, эрксиз буйдалуу анын бүткүл эркин, көңүлүн да ошондой эле кысып, муундуруп жиберди.
44 Мартин минтип олтуруп көпкө туруштук бере албаймын го деп да өтө чочуду. Кыжырды кайнаткан сезимдер менен ойлордон Мартин буркан-шаркан түшүп кеткиси да келди; ушул учурда ал өзүнүн кайда отургандыгын сезбей калып, көкүрөгүнө жат кандайдыр бир көнүмүш сөз оозунан шоп этип ыргып кетсе болобу.
45 Өздөрү тийишкендердин дал ушундай болгондугуна мен чындыгында эле кубанам. Ал эми мен мындай окуяларды көргөнүмдө... Ушул замат ал өзүнүн келесоолугун сезип, оозун ачын жалдырап туруп калды. Кала берсе, ал өзүн Руфь менен бир абадан дем алууга да татыктуу эместей сезип кетти.
46 Бул учурда окуянын каарманы Мартин өзүн бекер баатыр көрсөтүп, ыксыз мактанып жибергендигин ойлонуп, кабагын капалуу чытып алды да, кайра кой эми, болор иш болду, эми мындан ары булардын чөйрөсүндө өзүмдү токтоо жана адептүүрөөк кармап жүрөйүн, болбосо бекер уятка калып калат экенмин деп чечти.
47 Себеби ал алардын тукумунан эмес эле, ошондуктан алардын тили менен анын сүйлөгөнү балта менен чөп чапкандай иш эле. Мунун бардыгы калетсиз чындык. Же аларды тууроо керекпи? Бирок бул далбасасы ордунан чыкпай тургандай сезилди, анткени анткорлук кылууну өтө жаман көрө турган.
48 Ал бала күнүнөн алдамчылык, арамзалык дегенди таптакыр билчү эмес. Бул сезимдер ага башынан жат. Эмне болсо дагы ал өзүнүн турган турпатында, кулкмүнөзүндө мурда кандай болсо, азыр да дал ошондой бойдон кала берүүнү туура тапты. Ага көшөкөрлөнүүнүн жана жасалмалуулуктун кереги жок.
49 Азыр баары бир алардын тили менен сүйлөй албайт, бирок бара-бара сөзсүз сүйлөп кетиши мүмкүн, ал буга ишенет. Ал эми азырынча болсо да, унчукпай калууга жарабайт да! Ал азыр өз тили менен аларды уялтпагандай жана түшүнүктүү болгудай кылып, одоного чаптырбай, жатык сүйлөйт.
50 Ал жөнүндө ойлонуп, терең козголо түштү. Анын элестетүүсүнүн күчтүүлүгү абстрактуу түшүнүктөрдү ачык-айкын образдарга айландырып жиберди. Тригонометрия, математика жана билимдин башка бардык тармактары анын мээсинин алхимиялык аспабына символ болуп аттын кашкасындай дапдаана чийиле түштү.
51 Алыстан анын бардыгы кара кочкул түстөгү коюу туман менен капталып тургансыйт. Мына ушул тумандын ары жагында сырдуу жана романтикалуу укмуштуу бир өлкө бар экендигинен ал түк да шек санаган жок. Ушулардын бардыгы аны эрксизден не бир сонун таттуу кыялдарга тартып кетти.
52 Мартин Идендин жанагы чечими дагы эле оюнда. Жанагыга караганда ал азыр өзүн-өзү кадимкидей башкарып, турмушту кандай түшүнсө, аны ошондой мазмунда баяндайын деген аракетинде адегенде бир аз кыйналса да, бара-бара эргүү менен чыгармачылыктын кубанычына уламдан-улам тереңдеп тартылып баратты.
53 Бажыканалык катер контрабандалык «Хальцнон» аттуу кайыкчаны кармаган кезде ал ушул кайыкчада суучул болуп жүргөн. Мартин башкалар сыяктуу эле турмушта жашоону, аны сүйүүнү өтө эңсөөчү жана өзүнүн башынан өткөрүп көргөн-билгендери жөнүндө эң кызыктуу кылып айтып да бере ала турган.
54 Алар болсо оор эмгектен жана начар жашоо шарттарынан кетпес так калган Мартиндин одуракай жана жарадар колдору менен козунун үйлөнгөн табарсыгындай болгон булчуңдары, жакасы өйкөп кызартып жиберген буканыкындай жоон моюну эле. Анын олдоксондугу да Руфту чочутпай койгон жок.
55 Бирок ошенткени менен Руфка аны көздөй кандайдыр бир шайтан азгырып тургансыды. Анын мурдагы шек саноолору эми эмнегедир олку-солку болуп бошоңдой берди. Романтикалык кыялдануу менен укмуштуу окуяларга толгон. Мартиндин өмүрү анын көнүмүш болуп калган бардык божомолдуу элестөөлөрүн четке какты.
56 Руфь бир аз токтоло түшүп, айланасына көз чаптырды; башкалар дагы Мартиндин аңгемесин кунт коюп угуп олтурушкан эле, бирок апасынын көзүнөн өзү корккондой эле коркунучту, — бир чети кубанычтуу болгон менен баары бир коркунучтуулукту байкады. Бул болсо ага кайра дем бере түшкөндөй болду.
57 Апасынын көз карашын туура эмес деп эсептеген күнү эч качан болгон эмес. Руфь бул саам дагы аны жан-дили менен колдоп олтурат. Мартиндин жүрөгүнүн жалыны Руфту жанагыдай козгомок түгүл, анын кайра кыжырын келтирип, жек көрүүсүн туудуруп, бардык эрдиктери бир тыйынга татыбай калды.
58 Бирок ошол замат эмнегедир анын делебеси козголо түшкөнсүдү. Ал Руфка кумарлуу көз карашын дагы жиберди. Ошентип ортолорундагы айырмачылыктардын барган сайын күчөп бара жатышын экөө тең сезип, айырмачылык канчалык көбөйгөн сайын Мартиндин Руфтан ошончолук бардык жагынан ашып түшкүсү келди.
59 Анын бул кыялдануусу музыканын жаңырыгында өзгөчө толкундантты. Ага музыка жүрөктүн дарысы боло турган. Музыканын үнү аны кадимки күчтүү шарап сыяктуу жаркыраган ойлорго түртүп, зор аракеттерге шыктандырып, кыялын толкундатып, аны булуттан жогорку бийиктикке алып уча турган.
60 Кээде ал ритмдүү сүрөттөрдү тапкансый түшүп, көз алдына образдардын тизмегин келтирүүгө аракеттенди, бирок ушул замат башаламан үндөрдүн арасында жанагы ритмдүү сүрөттөр кайда кеткени билинбей, анын көкөлөгөн кыялы канатынан ажыраган куштай болуп, бийиктиктен жерди көздөй кулап келатты.
61 Ушул арада ал, Руфь мени кокус шылдыңдап жатпасын деген ойго дагы келе калды. Руфтун роялда ойношунан ал кандайдыр бир кастыкты сезгенсип, клавишаларды койгулап, лыпылдап ойноп жаткан анын чыбыктай ичке колдору эмне жөнүндө баяндап жаткандыгын ачыгыраак билүүгө ынтызарланды.
62 Бирок, ал бул жараксыз ойду тез эле четке кагып, кайрадан музыкага эркин берилгиси келип кетти. Анын мурдагы суктануулары эми кайрадан жандана түшкөнсүдү. Анын денеси жерден бөлүнүп, асманга сызгандай көңүлү куунап, укмуштуу жаркыраган кандайдыр бир нур анын көз алдында жанып тургансыды.
63 Анын айланасындагынын бардыгы кайда кеткени белгисиз боло түшүп, өзү болсо башка бир чоочун, кооз дүйнөдө жүргөнсүп кетти. Бул татынакай, эң сонун көрүнүштөрдүн ичинде тааныш нерселер менен тааныш эмес нерселер бири-бири менен камырдай жуурулушуп, аралаша түшкөндөй болду.
64 Айланада терең тынчтык, көшүгөн тропикалык түн жана алыскы-алыскы жылдыздуу асмандын бетинде вулкандын сөлөкөтү тартылгансыйт. Төбөдөн болсо, күмүш табактай болуп акырындык менен ай калкып бара жатат; анын төмөн жагында болсо үч Аркардын жылдыздары жерге нурун чачат. Мартин эол арфасына окшоп кетти.
65 Руфь Мартиндин өзүнө тигилип, анын эмне ойлоп, эмне сезип тургандыгын байкоого аракеттенди. Мартиндин өңү ага өзүнө окшобогон башкача өңгө окшоду жана от жанып турган эки көзү жомоктогудай сырдуу болуп сезилип жандуу турмуш менен фантазиянын зор элестерин бергенсип кетти.
66 Бул көрүнүш өтө тез пайда болуп, кайра тез эле көздөн кайым боло түштү; кологой жигит кайра анын көз алдына тартыла түштү. Руфь өзүнүн укмуштай фантазиясына өзү күлүп жиберди. Ошенткени менен бул көз ирмемге созулган элестер анын көңүлүнө өзүнүн изин калтырбай койгон жок.
67 Бул минутада анын көздөрүнөн ал чексиз сулуулук менен боорукерликти көрүп кумарданды. Руфтун денеси Мартин үчүн жөн эле дене болбостон, кандайдыр бир бөтөнчө, асыл дене болуп сезилди. Башка аялдардын денеси жөнүндө болсо ал мындай жогорку түшүнүккө эч качан келген эмес эле.
68 Анын денеси жалаң гана мөлтүр булактай таза жүрөгүнүн жайы болбостон, асылдардын асылынан жаралган жанынын, наристедей таптаза жана сүрөттөп айтып бере алгыс сулуулуктун кудайынын денесиндей эле. Бул сонун элес Мартинди таң калтырып, анын эргиген кыялдарын бир пастын ичинде терең ойлонууга түшүрдү.
69 Ушул убакка чейин кудай жөнүндө бир дагы сөз, бир дагы кеңеш алуу, бир дагы ишаара кылуу анын оюна да келип койгон эмес. Ал кудайга эч качан ишенбей турган. Ал дайыма динсиз адам болуп, попторду жана жандын өлбөстүгү жөнүндө жазылган келжирек чыгармаларды мазактап келген.
70 Мартин ага бир караганда эле бул жөнүндө сезген. Руфтун жүздөрү азыр дагы анын көз алдында ак куба тартып, токтоо, сүйкүмдүү жана делебени козгой жанып кадим периштелер сыяктуу өтө назик, сырдуу жылмайгансыды! Анын сулуулугу Мартинди айран таң калтырып, жүрөгүн чексиз козгоп, элжиретип жиберди.
71 Ушул замат атак даңк болуп, өлбөстүккө жетишүүнү каалаган сезим кучагына тартып кетти. Ал гана эмес, ал өзүн бул кыздын кулу болууга да татыктуу эместей элестетип, ал эми, аны менен кечке дейре олтуруп аңгемелешкенин болсо, күтүлбөгөн жана фантастикалык ийгилик деп санады.
72 Ал бир заматтын ортосунда жарык дүйнөнүн жыргалынан баш тартып, жанынан кечип салгап кишиге окшошо калды. Мындай учурда күнөөкөр адам өзүнүн жаңылыштыгын мойнуна алып, кемчилигине өкүнүп, кечирип коюуну далбас уруп суранат эмеспи. Анын да айыбы аябай ашкереленип турган.
73 Ал оюнун акырына чыгууга аракеттенген да жок. Ал деги эч нерсе жөнүндө ойлонбоду. Анын акыл-эсин жана жүрөгүн мурда эч качан болуп көрбөгөн кандайдыр бир күчтүү сезимдер бийлеп, бул толкун аны чыныгы турмуштун чегинен сыртка чыгарып, алда кайда алыс алып кеткендей болду.
74 Ал аларга кызыгуу менен карай баштады. Бул ырдап бара жаткан жаштар университеттин угуучулары боло турган. Булар да Руфь катышкан эле лекцияларга катышып, Руфь чыккан чөйрөдөн чыгышкан жана аны менен каалашса качан болсо да таанышып, качан болсо да көрүшө турган жаштар.
75 Эрди салаңдаган жапкак көз бир студентке анын көзү түшө калды. Бул жүүнү бош бир сөлпүк окшойт, — деп ойлоду ал. Эгерде кемеде болсо суу жүрөк, токмоктон башы кутулбаган бир шордуу жана жеткен ушакчы сөрөй болмок экен. Ал өзүнүн ушул мадыра баштан алда канча өйдө турганын түшүнүп, аябай сыймыктанды.
76 Ал өзүнүн булчуңдуу дене түзүлүшүн эсине түшүрүп, күч жагынан келгенде булардын кимисиң кана болбосун бир койгондон чыгарбай тургандыгын билди. Бирок, бир гана нерсе, булардын баштары билим менен сугарылган эмеспи, ошондуктан алардын бир артыкчылыгы Руфь менен маданияттуу сүйлөшө алышат.
77 Алар билгенди мен эмне биле албаймынбы? Биле алам! Ал турмуштун катаалдыгын башынан өткөрүп, аны менен алп урушуп жүргөн кезде, тигилер турмушту жаңыдан гана китептерден үйрөнө башташкан эмес беле. Анын башы дагы билим менен байыган баш, бирок ал билим саал башкачараак билим.
78 Кана, алардын кимиси парусту кере, рулду башкара, вахтага тура алат? Эч кимиси. Анын коркунучтарга толгон, эрдик менен ач-арыктыкка туруштук берген мээнеткеч өмүрүнүн жылдары көз алдынан каркырадай тизилип өттү. Окуп жүргөн мезгилдеги башынан өткөргөн окуяларынан бардыгы азыр эсине түштү.
79 Качандыр бир кезде аларга да чыныгы турмуш менен кездешүүгө, Мартин көргөндөрдүн бардыгын көрүүгө туура келмек. Демек, эң сонун. Өзү башынан өткөрүп, көрүп билгендерди тигилер көрө баштаганда, ал китептер дүйнөсүнө саякат жүргүзүп, турмуштун илимий жактары менен таанышат.
80 Трамвай Окленд менен Берклинин ортосундагы кээ бир жеринен курулуштар көзгө чалдыга түшкөн, анча кең эмес мейкиндик менен келе жатты. Мартин Иден эшигинин үстүндө «Хиггинботамдын чекене дүкөнү» деген жазуусу бар үйдүн тушуна трамвайдын тез келип жетишин зарыгуу менен күттү.
81 Бул жерде анын жездеси турат. Дүкөн үйдүн алдыңкы кабатында орношкону менен андан келген чириген жашылчалардын сасык жыты экинчи кабатты каптап турат. Ал караңгы оозгу үйдө баратып, жээндеринин биринин жыйнабай унутуп койгон оюнчук арабасына чалынып кетип, эшиктин каалгасына тарс этип урунуп алды.
82 Ал бул сөздү албууттанып, заарын төгүп ташка тамга баскандай айтты. Аялы унчукпастан кайгыга чөмүлдү. Бул семиз жана борпоң, тыкан кийине албаган, өз салмагынан өзү жүдөгөн, оор иштин түйшүгүнөн жана күйөөсүнүн такай көрсөткөн запкысынан эси эңгиреп, шайы ооп калган бир шордуу аял эле.
83 Мен күнөөсүз жаш балдар мунун мас кебетесин көрүп, алар дагы бузулуп кетишин каалабаймын! — Мистер Хиггинботам көп учурда газеттен окуган сөздөрүн пайдалана коюучу. — Ооба, бузулуп кетишин. Башкача эмне деп айтмаксың? Аялы байкуш мурдагыдай эле үшкүрүнүп, башын ийкеп, тигүүсүн уланта берди.
84 Эгер аны күтүүгө акчасы жетишсе, ал ошону менен кетүүсү мүмкүн. Эгерде ал бул жерден бирдекеге орношкусу келсе, мен өзүмө кирээчи кылыпделе алар элем, - деди күйөөсү күнк этип, териси жыйрыла түшүп. — Том кеткени жатат. Аялы ага чоочулагандай суроолу көз карашын жиберди.
85 Миссис Хиггинботам үн каткан жок. Анан соң анын ачуусу бир аз тарап, чарчаган денесине кайрат-күч кайрадан кире баштагансыды. Ал эми күйөөсүнүн табасы кангансып кубанганын айтпа. Чечекейи чеч, көңүлү чамгарактанат. Анын чекирейген көздөрүнөн кайрадан каардануу жана түштү.
86 Мына ушул булганган дубалдын аппак бетинде анын көз алдына ар түрдүү элестер келе калып, кайра тез жок болуп кетип жатты. Ал бутун чечүүнү унутуп, көпкө чейин мына ушул дубал боорунан көзүн албай карап турду да, анан эриндерин бүлк эттире «Руфь!» деп акырын шыбырап жиберди.
87 Бул тыбыш ага сүйкүмдүү угулуп, кумарлануу менен бир нече жолу «Руфь, Руфь» деп кайталап да жиберди. Ал анын атын ушинтип утуру кайталаган сайын, Руфтун элеси кез алдына даана келип, анын ачык жүзү тигил тамчынын изи калган дубалдын боорун сыйкырдуу тумардай нурдантып тургансыды.
88 Тескерисинче, ага жолуккан аялдар аны жапайы айбан сыяктантып жиберишкен да болучу. Бирок, алардын көпчүлүгү кедей болушса да ал байкуштар өздөрүнүн бар болгон кымбат нерселерин андан эч бир аяшчу эмес. Бирок алардын бул жакшы сапаттарын Мартин сезип жана ага баа берип коюучу эмес.
89 Дагы анын аялдарга өзү көз кыспаганын мындай коёлук, тескерисинче ага аялдар жогоруда айтылгандай өздөрү жабышып, алдынан тороп турушчу. Кээлеринин анын алдында өздөрүн ушундай бир жакшы кармап, жагууга аракеттенишип турганын көрүп турган ар бир адам таң калбай коймок эмес.
90 Бирок ал бул кемчиликтерин түшүнө элек эле, анткени ал мындай татаал нерселер жөнүндө али терең кыялданып, ой жүгүртүп көрүүгө толук үлгүрө элек кези эле жана ал өзүнүн жакындагы эле бир бузулуп кеткендиги жөнүндө эсине кылт дей түшүп, денеси чымырап, жүздөрү кызарып да кетти.
91 Чындыгында ал өзүн дал мына ушинтип биринчи жолу гана карашы эле. Анын көздөрү чындыгында көрүү үчүн жаралган болсо да, ушул убакка чейин дүйнөнүн тынымсыз өзгөрүлүп турган тышкы түрүнө гана көз чаптырып, ал эми өзүнөзү жакшылап карап алууга анын убактысы жетишкен эмес экен.
92 Ал азыр өзүнүн көз алдынан жыйырма жаштагы жаш жигиттин өңү-түсүн көрүп, бирок бул өң сулуубу же жокпу ачык айта албады, анткени минтип айтууга ачык негиз анда жок эле. Ал өзүнүн кашкайган кең маңдайынын үстүнөн барпайган кара коңур тармал чачтарына кылдат көз чаптырды.
93 Ал көзүм Руфка жагар бекен деп ойлонду. Ал өзүнүн көзүнө Руфь кантип карай тургандай кылып кароого аракет кылып көрдү, бирок бул аракетинен эч нерсе чыкпады. Демейде ал башка адамдардын ой-пикирин оңой-олтоң эле билип алуучу, бирок бул адамдардын турмушу ага беш колдой абдан жакшы белгилүү эле да.
94 Мындан кийин ал чыканагын бүктөп, кары булчуңун жыйып, күнгө күйбөгөн этинин ак жерин издөөгө аракеттенди. Анын колунун күн көрбөгөн бул жери абдан апапак эле. Ал күзгүдөгү бозомук тарткан өңү качандыр бир кезде апапак болгондугун ойлонуп, кубангандыгынан күлүп жиберди.
95 Эгерде ал ачууланган кезде көнүмүш адаты боюнча жука эриндерин өңүнө каардуулуктун, кала берсе турмуштан безгендиктин белгисин бергендей кылып жыйрыбаган болсо, анда анын оозу кадимки пайгамбардыкындай болуп көрүнмөк эле. Бул тим эле жоокер менен ашык жигиттин эрининин өзү болучу.
96 Бул эриндер кумардан чыкканча турмуш менен жыргалдана жана кези келсе аны бийлеп да алышчу. Анын ээги жана саал ылдый салаңдаган төмөнкү жаагы анын жүзүнө үстөмдүк кылуунун белгисин берип турат. Ал өтө сезгич жигит. Мына ошондуктан ал чыныгы кооздукту сүйүп, шаңдуу жүрүүнү жактыруучу.
97 Ал күзгүдөн жакшылап карап отуруп, алардын апапак, бекем жана тегиз экендигин байкады. Бирок ошол замат ал эмнегедир уялып кетти. Ал аңгыча болбой, кээ бир адамдардын тиштерин күн сайын тазалай тургандыгын эсине түшүрдү. Ал адамдар жогорку таптын, Руфь таандык болгон таптын адамдары.
98 Кадимки роза гүлүнүн таажысындай назик; кардай жеңил жана салкын. Мартин аял колу дал мына ушундай жумшак жана назик болору жөнүндө эч качан шек санаган да эмес. Ал ушундай колдун эркелетиши адамга кандай кубанычты алып келерин ойлонуп, беттери кызарып өзү катуу уялып кетти.
99 Руфтун колдорунун жумшак жана назик болгондугунун себеби — ага кара жумуш деген жат, чоочун. Ал кээ бир адамдарга жашоо үчүн, көрсө, иштөөнүн да зарылдыгы жок экендигин ойлонуп, мына ошондуктан Руфка өзүнүн тең келе албастыгын сезип, эмнегедир каңырыгы түтөгөнсүй түштү.
100 Мисалы, анын эжеси Гертруда да эмгек менен чоңойгон. Анын кир жуудан талыган колдору шишип, кызарып чыга түшчү. Же анын башка бир эжеси Мэриненди алсак ал дагы ошондой, консерва заводунда иштеп жүрүп, анын кичинекей назик колдорунда помидор туураган бычак менен кесилген жери сансыз эле.
101 Руфтун колдору, жалаң гана анын колдору эмес, анын апасынын жана анын бир туугандарынын колдору да өтө назик колдор. Эң акырында, аны бөтөнчө айран-таң калтырган нерсе — ал экөөнүн ортосун асман менен жердей бөлүп турган кара таман кедейлик менен кол тийгис ак сөөктүк даражада болду.
102 Ал акылынан адашкансып, — аял жүзүнөн, анын назик колдорунан кадимкидей мас боло түшкөнсүдү. Аңгыча болбой, анын көз алдына жаңы көрүнүштөр пайда болду. Ага лондондук Ист-Энддеги чоң эски тамдын жанында, түн ичинде он беш жашар жумушчу кыз Марджи ага бирдемелерди сүйлөп берип жатканы элестеди.
103 Мартин аны дайыма серүүндөй кийин ушинтип үйүнө жеткирип коюучу. Ал кыз ушул атканадай болгон ыплас жаман тамда жашай турган. Коштошуп жатып Мартин ага колун сунду. Кыз буга жооп кылып өбүүгө ага оозун тосту эле, бирок Мартиндин аны өпкүсү келбеди. Эмнегедир аны бир нерсе ирээнжитип тургансыды.
104 Аңгыча болбой боору ачып кетип, анын белинен сыга кучактап туруп, оозунан бекем соруп алды. Мартин анын кубанычтуу чыккан үнүн укту жана колтугуна мышыктай болуп кынала түшкөнүн сезди. Кичинекей байкуш макулук! Ушул көрүнүштөн улам Мартин эчаккы өткөндөгү бир окуясын көз алдына келтирген эле.
105 Ушул замат анын бүткөн бою дүр дей түшүп, дал ошол минутадагыдай болуп азыр да ошол кызы анын колтугуна жабыша калгансыды... Анын жүрөгү капалануудан таштай түйүлүп кетти. Бул болсо күңүрт элес эле: ал кезде асман да бүркөлүп, майда жамгыр таш төшөлгөн ылайлуу көчөгө себелеп турган.
106 Аңгыча болбой, көздү уялткан жарык шоола үйдүн дубалын нурдантып, анын көз алдындагы бардык азыркы көрүнүштөрүн жана элестерин таратып жиберип, анын көз алдында алтын чачтан тажы кийген Руфтун ак жуумал жүздөрү, кайрадан кадимки кол жеткис жылдыз сыяктуу болуп жана баштады.
107 Мартин анын салмактуу денесинен кучактап, жумшак, нымданышкан эриндеринен өптү. Эжесинин көздөрүнө жаш келе түштү. Бул көз жаш жалаң гана кубанычтуу сезимдин таасиринен гана эмес, денесин көбүрөөк майыштырган оор жумуштун түйшүгүнөн жана суй жыгылып, өлчөөсүз чарчоодон да пайда болгон көз жашы эле.
108 Бар эми, тезирээк барып тамагыңды ичип, үйдөн чыгып кет, биздин бүгүн жумушубуз көп. Том болсо кетип калыптыр, эми кирени Бернард өзү тартууга тийиш. Мартин оор капалуу ашкананы көздөй бет алды. Ушул тапта эжесинин чоктой кызарган жүздөрү, жүдөгөн кебетеси анын көңүлүнөн кетпей туруп алды.
109 Ал эжемдин колу саал бошураак болгондо, мени дагы жакшылап эркелетмек беле дегендей ойго да кетти. Оор жумушту көп иштеп, байкуштун отуз омурткасы ооруп, кырк кабыргасы сыздап бүткөн. Аны ушунчалык мүңкүрөтүп, оор жумуш иштеттирген Бернард Хиггинботам нагыз айбандын өзү.
110 Бул өбүштөн анын оозуна самындын көбүгүнүн даамы келип, эжесинин эриндеринин балбырап калгандыгын сезди. Мына ошондуктан эжеси аны кадала түшүп, кадимкидей кубантып өбө албады, жана бул өбүү аябай чарчап, чаалыккандыктан кандай өбүү керек экендигин такыр унутуп калган аялдын өбүүсү эле.
111 Мартин ушул замат кайрадан Руфь жөнүндө ойлонду жана ал анын эриндери, анын дал өзү сыяктуу эле назик экендигин элестетти. Ал адамга көз карашын кандай жиберген болсо, колдон кысып кандай учурашкан болсо, дал ошондой эле бекем жана чын жүрөктөн өбүүгө тийиш деп ой жорутту.
112 Ал өзүн кадимки роза гүлүнүн таажыларынан пайда болгон сыяктуу жыты аңкып, кереметтүү булуттардын арасында акырын, жайма-жай сүзүп жүргөндөй сезип кетти. Ал ашканадан сулу боткону шашпай жеп, айланага аңкоо, суз көз карашын жиберип коюп олтурган дагы бир, ушул үйдө туруучу Джимди көрдү.
113 Эх, кандай сонун кыз дейсиң! Билл мени үйүмө араңдан зорго жеткирип келиптир. Мартин угуп жатам дегенсип башын ийкеп олтурду, — бул анын кимге гана карата болбосун сүйлөшүп жаткан учурдагы көнүмүш адаты эле. Андан кийин ал чала жылымтык кофеден бир чашка куюп, өз алдына жылдырып койду.
114 Ушул убакка чейин ал турмушту кандай болсо аны дал ошондой түшүнө турган. Бир гана, китеп окуган кезде болбосо, ал эч качан өз алдынча турмуш жакшыбы же жаманбы деп ойлонуп, же суроо берип көргөн да эмес. Бирок алар болсо, турмушта болбой турган нерселер жөнүндө кооздолуп гана жазылган китептер эле.
115 Ал сол жактагы столдо отурган кишиге кайрылуу керек экенин байкабай, экинчи бөлмөгө кирип келди эле, бул комната философия бөлүмү болуп чыкты. Ал философиялык китептердин бар экендигин уккан, ал тургай бул илим жөнүндө ушунчалык көп нерселер жазылгандыгынан да эч бир шек санаган эмес.
116 Норман менен Артур бул тилди билишчү. Алардын бул тилде сүйлөшкөнүн ал уккан. Ал экөө Руфтун бир туугандары. Философия бөлүмүнөн Мартин бардык үмүтүнөн ажырагандай сезим менен чыгып кетти. Китептер аны басып кала тургансып, туш-туш жактан аны көздөй жылып келе жаткансыды.
117 Анын денеси калтырай түштү: ушунун бардыгын өздөштүрө алабы? Ал ушул замат булардын бардыгын өздөштүргөн адамдар болгондугун жана алардын саны аз эместигин эсине түшүрдү. Ал өзүнө өзү чечкиндүү турду: — башкалар жетишкен ийгиликтерге мен дагы сөзсүз жетишемин, — деп ант берди.
118 Бул китептен өзүнө ал түшүнүктүү жана жок дегенде бир нерсени, жүрөгүнө өтө жакын бир топ нерселерди таба ала тургандай. Көрсө анын автору өзү сыяктуу суучул экен. Андан кийин анын колуна кабында «Боудич» деген чоң жазуусу бар китеп жана Лекки менен Маршалдын бирге жазган чыгармалары урунду.
119 Бул сан жеткис китептердин ичинде зор күч бар, эгерде ал улуу иштерди аткарууну каалай турган болсо, ал аны деңизден эмес, дал ушул кургак жерден иш жүзүнө ашырууга тийиш! Анын үстүнө, капитандарга өздөрүнүн аялдарын алыска сүзүүгө кошо ала кетүүгө руксат берилбейт да эмеспи.
120 Ал издегенин таппады, бирок кичи пейилдүүлүктүн бардык формаларын сактоону үйрөнүп чыгууга өтө көп убакыт талап кылына тургандыгын өтө жакшы түшүндү, ал турмак ушул эрежелердин бардыгын кадимкидей өздөштүрүп чыгуу үчүн болсо, дагы бир жолу кайрадан жашоо керектей көрүндү.
121 Жана бул газ үчүн мистер Хиггинботамга жумасына элүү центтен да ашык акы төлөй турган. Окуган китептери анын чочулоолорун гана күчөттү. Жаңы китептин ар бир барагы ага билим багына кирүүчү жылчык сыяктуу болуп көрүндү. Бул китептерди окуудан анын каалоолору ого бетер күч алгансыды.
122 Мартин өзү укмуштай берилип окуган поэзия жөнүндө да, дал ушунун эле өзүн айтууга мүмкүн эле. Суинбернден ал Руфь берген томдогу ырларын гана окубастан, анын «Долорессин» да окуп чыгып, эң сонун түшүндү. Руфь бул чыгарманы балким туура түшүнө албаса керек, деп ойлоду ал.
123 Анын башы, ийини жана колдору көрүнүп турду. Колдорунун кыймылдарынан ал аны чачын таранып жатат деп божомолдоду. Бул көрүнүш көз ачып жумганча гана созулду, бирок ошондой болсо да, анын делебесин козгоп, жаш жүрөгүн элжиретип, кыялга мас кылып жиберүү үчүн жетишерлик мезгил болду.
124 Ал өзүнөн моралдык жактан бир топ өзгөрүлүүнү сезип турду. Руфтун тазалыгынын жана бузулбагандыгынын таасиринен ал дагы кандай гана болбосун өзүн таза кармоону чечти. Эгерде ал ушул аял менен бир абадан дем алууга татыктуу болгусу келсе, ал алды менен таза болууга тийиш.
125 Дүкөнчү анын тырмактарына көз жиберип, ага тырмак тазалагычты сунуш кылды, мына ошентип, анын тазалык буюмдарынын саны дагы бир буюмга көбөйдү. Ал китепканадан адамдын жеке тазалыгы жөнүндөгү китепти алып, андан күн сайын эртең менен муздак сууга сөзсүз жуунуп туруу керек экендигин окуду.
126 Мартин үчүн алга өсүүнүн экинчи кадамы болуп, шымынын фасону жөнүндөгү анын кам көргөндүгү эсептелди. Бул маселеге кызыга баштап, Мартин каптай көлбөктөгөн жумушчулардын дамбалдары менен жогорку таптын адамдары кийишкен бычактын мизиндей кырдуу шымдын ортосундагы айырманы бат эле байкады.
127 Мунун сыры эмнеде экендигине түшүнгөн соң, Мартин эжесинин ашканасына үтүк менен кийим үтүктөй турган тактайды издеп кирди; бирок анын биринчи аракети ордунан чыкпай, ал шымын күйгүзүп. алып, кайра жаңы шым сатып алууга аргасыз болду. Бул сүзүүгө аттануу мөөнөтүн ого бетер тездетүүгө алып келди.
128 Бир күнү Мартин Руфту көрөмбү деген күңүрт ой менен театрды көздөй жөнөдү жана чындыгында эле ал театрдын экинчи ярусунун балконунда отуруп Руфту байкап калды. Ал Артурдун жана кандайдыр бир чоочун, көз айнекчен, чачын тикчийтип кыска алдырган бир жигиттин узатуусунда партер менен өтүп бара жатты.
129 Ал бир-эки жолу бурулуп, эки жагына көз жиберди жана ал өзүнөн бир нече орунга алысыраак отурган эки кызды байкады, кыздар ага жылмайышып, көз ойнотушту. Ал мындай учурда дайыма кичи пейилдик менен тааныша турган жана бул сыяктуу көңүл бурууну жоопсуз калтыруу анын мүнөзүндө жок эле.
130 Тигилер болсо аялдык кылыктарын жасап тийиштик кылып жаткандыгын түшүндү. Бирок ал үчүн азыр бардыгы башкача болуп көрүндү. Тигил алды жактагы биринчи катарда, Мартиндин өзүнүн табына тиешелүү бул эки кызга тап-такыр окшобогон дүйнөдөгү ал үчүн бирден бир сүйүктүү кызы Руфь олтурган эле.
131 Мартин ичинен: — эх, чиркин, ушул эки кыз эч болбогондо Руфтун периштедей сулуулугунун учкундарынчалык чырайлуу болушса болмок экен, — деп аларды аяп кетти. Ал эч качан, эмне үчүн бул кыздар мени менен эле тамашалашкылары келип жатышат деп күнөөлөгүсү жана каккысы келбеди.
132 Ал элден мурун сыртка чыгып, жөөлөшкөн адамдардын арасынан Руфту акмалай турган орун тапкан кезде, күтүлбөгөн жерден баягы эки кыз көзүнө чалдыга түшсө болобу? Бул кыздар анык өзүн издеп жүргөндүгүн сезип, ошол замат аялдарды эмнегедир өзүнө тартып турган бул касиетине наалат айтып жиберди.
133 Алды менен алар калп эле аны байкамаксан болуп калышты, бирок бул көрүнүш амалдануу экендигин Мартин жакшы түшүнүп турду. Алар Мартинге жакындаганда жай басышты да, бир маалда кыздын бирөө билмексен болуп, Мартиндин жанынан өтүп баратып ийини менен коюп кетип, аны эми гана тааныгандай карап калды.
134 Бирок, анын табигый боорукердиги жана кичи пейилдүүлүгү ага мындан башка мамиле кылууга мүмкүндүк бермек эмес. Кара көз кыз көңүлдүү жана жалбарыңкы жылмайып, жолдош кызын колдон алып, токтойтур дегендей белги берди; курдашы токтосо токтоп турайын дегенсип, каткырып күлүп жиберди.
135 Күтүлбөгөн жерден Мартиндин жүрөгү эмнегедир зырп эте түштү: мүмкүн Руфь өтүп бара жатып анын бул кыздар менен сүйлөшүп тургандыгын көрүп коюшу да ыктымал. Ушундан кийин ал кара көз кызды көздөй бурулуп, анын катарында жөн эле бир бара жаткан кишидей болуп басымыш болуп калды.
136 Азыр анын сүйлөгөн сөздөрү жана кыймыл-аракеттери эч кандай ыңгайсызданууну туудургандай болгон жок. Бул жерде ал өзүн кадимки үйүндөгүдөй эркин сезип, өткүр сөздөрдөн кээде жиберип коюп жана дагы жасалма сөздөрдөн чалдыра сүйлөп, каткырып, тамашалап-какшыктап, айтор өз оюнча болуп келе жатты.
137 Мартин токтой калып күлүп, жүзүн кыздарды көздөй бурду. Алардын арт жагында күндүзгүдөй жарык көчө менен адамдар чубап келе жатышкан эле. Алар сүйлөшүп турган жер бир топ караңгы болгондуктан, эгерде ушул жерден Руфь өтүп бара жатса ага өзүн байкатпай көрүп калышка болот эле.
138 Мына ушинтип ал, бул кыздар менен тамашалуу сөздөрдү сүйлөшүп жатып, күтүлбөгөн жерден көз алдына кылымдардын акылмандыктарын өз ичине сактаган китепкананын зор томдорун элестетти. Ал бул ыңгайсыз сезилген көрүнүшкө саал капалуу жылмайды да, бирок ошол замат кайра бул ойдун кучагына тартылып кетти.
139 Ушул учурду ал көптөн бери күтүп турган. Ал Руфтун жүздөрүнөн кандайдыр бир назик нурданууну, чексиз сулуулукту жана чыбыктай ийилген белдеринин караанын, басыш кыймылынын сулуулугун байкап жана көчөдөн туура өтүп бара жатып юбкасын чебердик менен бир аз көтөрүп алганын көрдү.
140 Себеби Руфтан кийин булар менен мамиле кылуу, ага өтө одоно шекилдүү болуп көрүндү. Бул кыздын жалооруган көз карашы менен катар Мартин күтүлбөгөн жерден тазалыктын кол жеткис бийиктигинен өзүн көздөй жанып турган жылдыздай нур чачкан Руфтун туп-тунук жана эң ыйык көз караштарын көргөндөй болду.
141 Ал өзүн азыр бул жердегинин бардыгынан жогору сезди. Морожный менен жигиттер жөнүндө гана кыялданышкан бул эки кыз менен салыштырганда, турмуш ал үчүн андан да мазмуундураак, маанилүүрөөк болуп көрүндү. Ал мурда да ички сырын эч кимге айтпай жүрөгүнө бекем сактап жүргөн кездерин эсине түшүрдү.
142 Эгерде ал өз оюн башкаларга сүйлөп берсе, уккандар аны таң калуу менен карап калыша турган. Албетте эгерде анын оюна башкалардын түшүнүшү кыйын болсо, демек ал өзү дагы тигилерден шексиз жогору турат. Ал жүрөгүнөн кандайдыр бир зор күчтү сезип, анын муштумдары эмнегедир түйүлө түштү.
143 Мартинге бул толук түшүнүктүү боло турган. Бул ага кандайдыр бир сааттын механизми сыяктуу болуп көрүндү. Ал анын ар бир кичинекей бурамаларына чейин дааналап байкап тура ала турган. Бул көз караштар акырында түпсүз караңгы көр күтүп турган алдамчы жыргалды көздөй чакырып турган эле.
144 Ал мурдагы бардык жолдошторунан четтеп, баштагы кылык-жоруктарынан кол үздү, анын жаңы жолдоштору жок эле. Мына ошондуктан, ал бир гана китеп окуу менен убакытты өткөрүүнү чечти. Ал окуганда да жөнөкөй адамдын көздөрү мындай окууга эчак туруштук бере албай тургандай эң эле көп окуду.
145 Жуманын акырынын келиши Мартинге ал бир, жүз жыл күткөндөй көрүнүп кетти. Мурдагы турмуш менен дүйнөгө кылган мамилеси ушунчалык алыс калгандай сезилди. Бирок, ага даярдыгынын жетишпегендиги дайыма тоскоолдук кылды. Ал көп жылдар бою атайы үйрөнүүнү талап кылган китептерди да алып окуду.
146 Ал өзү аябай сүрдөгөнсүп да кетти жана ошентсе да ал бардыгын билгиси келип, бир эле мезгилдин ичинде экономика, индустрия жана саясат жөнүндө өтө кызыгып окуй баштады. Бир күнү ал Сити-Холл багын аралап өтүп бара жатып, беш-алты кишини ортого алып, тегеректешип турган бир топ кишини көргөн.
147 Анын бирөө селсаяк, экинчиси — профсоюздун үгүтчүсү, үчүнчүсү — университеттин студенти ал эми калгандары болсо, талаш-тартышты сүйгөн жумушчулардан болуучу. Биринчи жолу ал анархизм, социализм, бирдиктүү салык жөнүндө жана социалдык философиянын бири-бирине кас системасы бар экендигине түшүндү.
148 Ал керебетте олтуруп, китепке караганда сөздүккө көбүрөөк көз жүгүртүп, үңүлүп жатты. Ага ушунчалык көп сөздөрдү жаттоого туура келгендиктен бир сөзүн эстесе, экинчи бир сөзүн унутуп калып жатты, мына ошентип ага абдан убараланууга сөздүктөн улам кайрадан кайталап кароого, издөөгө туура келди.
149 Мартин үчүн бирден бир көңүл ачуучу нерсе бул поэзия эле: ал өзүнө ар бир сабы ачык-айкын түшүнүктүү болгон жөнөкөй акындардын ырларын толкундануу жана суктануу менен окуп чыкты. Ал сулуулукту сүйүүчү, ал эми бул жерде болсо, андай сулуулуктар жетишээрлик түрдө бар эле.
150 Анын зээнинин баракчалары али кадимки актай барак сыяктуу болучу, ошондуктан ал эч кыйналуусуз эле, бир сабак ырдын артынан экинчисин эсине тез эле тутуп жатты. Көп убакыт өтпөй эле бул жаттаган ырларынын бардыгын тең жатка айтып китептин саптарынын тилге кирген ыргактарынын жаңырыгына рахаттанчу.
151 Анын сынчыл көз карашы Мартиндин үтүктөлгөн шымынын кырын, сырткы кебетесинин өзгөрүлө түшкөндүгүн байкады. Бардыгынан да таң каларлык нерсе анын өңүнүн кадыресе болуп калганы эле. Анын саламаттыгы ташкындап тургандай сезилип, толкундуу илеби Руфту өз кучагына тартып кеткендей болду.
152 Руфь кебездей жумшак колун сунганда Мартиндин делебеси козголуп, жыргалданып, рахатка баткансып кетти. Экөөнүн ортосуңдагы бир гана айырма Руфтун ички толкундануусун сыртка билдирбегендигинде, ал эми Мартиндин болсо, тескерисинче чачынын түптөрүнө чейин кызарып кеткендигинде болду.
153 Ал бардык сонун нерселерди сүйгөн суяктуу эле, поэзияны мурда эле берилип сүйүүчү, ал эми Руфь менен кездешкен күндөн тартып болсо, ага сүйүү лирикасынын кең дүйнөсүн көздөй зор дарбаза ачылгандай болду. Руфь аны Бельфинч менен Гэйлиге караганда көп нерселерге үмүттөндүрүп турган эле.
154 Мына ушундан кийин өзүн «сүйүүгө бек, бечара жигит» деп сезип буга сыймыктанып турду; эгер аны бирөө рыцардык даражага көтөрсө дагы ал азыркыдай сыймыктанууну сезбес эле. Ал акырында турмуштун мазмунуна жана өзүнүн бул дүйнөдө эмне үчүн жашап жаткандыгынын максатына түшүндү.
155 Ал дагы эле тигилген көз караштарын сүйлөп жаткан Руфтун назик эриндеринен алган жок. Ал Руфтун эриндеринин ар бир кыймылынан сөз менен айтып түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон жыргалданууну сезип турду; бул эрин кадимки башка бардык аялдар менен эркектердин эриндериндей эмес, бөтөнчө эрин болучу.
156 Же мүмкүн бардыгын кайра башынан башташ керекпи? Мен эч качан чындап киришип окуп көргөн эмесмин. Жаш кезимден тартып иштей баштоого аргасыз болдум, мына азыр гана китепканага барып жүрөмүн, түрдүү китептерди таап окудум, мурда болсо мен, чынымды айтайын, эч бир пайдасыз китептерди окуп жүрүптүрмүн.
157 Мен мурун мындай сонун ынтымактуу үй-бүлөлөр жөнүндө китептен гана окугам, көрсө чындыгында эле турмушта андай үй-бүлөлөр бар болуп чыкты, китеп калп жазган эмес экен. Мага чындыгында эле сиздердин үйүңүздөр өтө жакты, эрксизден менин да ушундай үйүм болсо деп ойлодум жана азыр да ойлонуп турамын.
158 Мен көптү көрүүнү каалаймын жана дагы көптү көрсөм экен деп тынымсыз умтуламын. Бирок, кептин бардыгы ушунда гана эмес. Эң башкысы мына бул: мен сиздин ушул жашап турган үйүңүздөй турмуш деңгээлине жетүүнү каалар элем. Турмуш — бул бир гана мас болуу, мушташ жана оор жумуш эмес да.
159 Мүмкүн сиз менин бул сөздөрүмө күлөрсүз? Мүмкүн мен сизге бекер жеринен кайрылып жаткан чыгармын, мүмкүн эч кандай кажат чыкпас, бирок чынын айтсам менин сизден башка кайрылар эч кимим жок, же Артурга кайрылыңыз дейсизби? Мүмкүн менин ага кайрылышым керек эледир? Эгерде мен.
160 Руфь тез жооп кайтарган жок. Анын бардык ою Мартиндин байланышсыз түшүндүргөн сөздөрү менен жөнөкөй ойлоруна, анын көзүнөн окулуп турган чыныгы ойлор менен бирге байланыштырууга катуу аракеттенүүсүнө бурулган эле. Ал эч качан мындай жеңилбес күч жанып турган көздөрдү учураткан эмес.
161 Менин бир эжем, бир карындашым бар: бирөө күйөөгө чыккан, экинчиси күйөөгө калыбы, жакында чыгыш керек. Эркектен бир топ барбыз, мен эң кичүүсүмүн, бирок алар эч кимге, эч качан жардам беришкен эмес. Ар кимиси өзүнчө бакыт издеп төгөрөктүн төрт бурчуна кыдырып кетишкен.
162 Эң улуу агам Индиядан өлгөн. Экөө азыр Түштүк Африкада — бирөө кит улоочу кемеде, ал эми экинчиси болсо көчмө цирк менен кыдырып элге оюн көрсөтүп жүрөт. Ал трапецияда акробат болуп иштейт. Мына мен дагы ошолордоймун. Апам өлгөндөн бери он бир жашымдан тартып өзүмдү-өзүм жан сактатып келе жатамын.
163 Мен сизге азыр грамматиканы алып келип берем. Руфь ордунан туруп өйдө болгондо, Мартиндин оюна китептен жаттаган этикет жөнүндө бир эреже эсине түшө калып, ал да эпсиз козголуп, ордунан кошо тура калды жана ошол замат Руфь кокус кеткени жатабы деп ойлобосун деп чочуй да түштү.
164 Руфь китепти ачын экөөнүн башы жакындаша түштү. Бул жакындашуу Мартинди ушунчалык толкундатып жибергендиктен, Руфтун түшүндүрүп жаткандарынын артынан ой жүгүртүп отуруу өтө кыйын болду. Бирок Руфь жактоонун сырын түшүндүрө баштаганда, Мартин дүйнөдөгүнүн бардыгын унутуп жибергенсиди.
165 Ал китепти көздөй эңкейгенде Руфтун чачтары күтүлбөгөн жерден анын бетине тийип кеткендей болду. Мартин өмүрүндө эс-учун бир жолу гана жоготкон болучу, азыр болсо ал дагы экинчи жолу кайталанат го деген ойго кетти. Анын деми кыстыгып, жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй болуп катуу сого баштады.
166 Анын сүйүүсү мурункудай эле диний урматтоолорго жык толгон болучу. Ага качанкы бир чиркөөнүн ыйык олуя-бүбүсүнө кирип баргандай жана кокус бир жериңе тийип кетсе, кадимки электр зарядындай таасир этишинен сактануу үчүн башын акырын бир аз артка алыстатты. Бирок, Руфь эч нерсени байкаган жок.
167 Ал китепкананын казынасынан дагы бир кымбат баалуу табылганы ачты. Грамматика ага тилдин негизин ачып бергендей, бул жаңы китеп дагы ага поэзиянын негизги эрежелерин түшүндүрдү. Ал метрди, форманы жана ырдын түзүлүш закондорун окуп, өзүн ушунчалык толкундаткан сулуулук кантип түзүлгөндүгүн туюнду.
168 Мартин өзүнө ачык белгилүү дүйнөгө — алыскы өлкөлөр, деңиздер, кемелер, суучулдар жана эркектерге окшогон аялдар дүйнөсүнө көз жибергенде, — бул дүйнө ага өтө тар болуп көрүндү; ал эми кандайдыр бир таасир менен Мартин өзүнүн бет алдынан жаңыдан ачылган кең дүйнө менен кездешкендей боло түштү.
169 Азыр болсо анын кайгысы андан да ашынып жана жанды кейитип турду. Эми ал мунун себеби — терең акылдуулукту, сулуулукту жана сүйүүнү эңсегендигинде экендигине ачык түшүндү. Өткөн жумалардын ичинде ал Руфь менен алты жолу жолугушту жана бул ар бир жолугушуу анын көңүлүн бийик көтөрбөй койгон жок.
170 Кээде алардын аңгемелери тап-такыр башка темага да келип такала турган, — алар Мартиндин азыр эле окуп чыккан ырлары жөнүндө жана Руфь өзү окуп, үйрөнүп жаткан акыны жөнүндө аңгемелешишти. Руфь ага өзүнүн сүйгөн ырларынын саптарынан Мартинге окуп бергенде, ал чексиз жыргалданууну сезгендей болду.
171 Ал эч качан мындай назик үндү уккан эмес. Руфтун сөзүнүн ар бир тамгасынан анын жаш сүйүүсүнүн гүлү ачылгандай ар бир сөзү анын делебесин козгоп жибергендей болду; Бул үндө токтоолук да жана музыкалуулук да, — маданияттын улуу, бай жемиш жана көңүлдүн эң жогорку жыргалдануусу да бар эле.
172 Руфтун айланасы дагы ого бетер көздүн курчун алгандай кооздук менен жана баштагансыды. Ал жалаң гана Руфтун үнүн угууга гана куштар болуп тим болбостон, Руфтун өзү окуп жаткандарын жакшы билгендигине жана ойдун поэзиялык мазмунуна жандуу мамиле кыла тургандыгына өтө чексиз кубана турган.
173 Бул анын сулуулукту ушунчалык назик кабыл алган кыз экендигин айкындап турду. Бул минутада Мартин өзүн дүйнөнүн эн бийик чокусуна чыгып, бүткүл дүйнө анын алаканында тургандай сезди жана Руфтун жүзүнө көз жиберип, назик үнүн угуп тургандыктан, анын бардык жашырын сырларын толук туюнгансыды.
174 Мына азыр анын көз алдынан качандыр бир кезде сезген бардык кубанычтары чубап өткөнсүдү: — мас болуу, аялдардын эркелеткендери, оюн-тамашалар, күчтүүлүктүн кайраты, — бирок, мына ушунун бардыгы тең, азыр ал сезип турган сезимдер менен салыштырганда арсыз, чексиз одоно жана олокосуз боло түштү.
175 Анын сүйүү жагынан тажрыйбасы али жок болучу. Билгендеринин көпчүлүгү көбүнчө күндөлүк турмушту кооздоп, ашындырып көрсөткөн анын окуган китебинен алынган жана ал жөнөкөй суучул жаш жүрөгүн чексиз бийлеп, делебесин козгоп, бүткүл кыялын өзүнө багындырып алат деп эч качан ойлогон да эмес эле.
176 Ал чындыгында сүйүү жалыны кандай экендигин да билген эмес. Анын бардык элестөөлөрү баштан аяк теориялык негизде түзүлгөн «сүйүү» деген сөз ага асман жылдызынын кыска убакытка нурданышын, деңиздин тынч бетиндеги майда толкундарды жана жайдын жумшак таңындагы шүүдүрүмдөрдү баяндап тура турган.
177 Ал үчүн өз атасы менен энесинин никелик жакындыгы — сүйүшкөн адамдардын кошулуусунун идеялык болучу жана ал эч кандай камырабастык менен келечектин кайсы бир күнү бул сыяктуу никелүү жакындык — сүйгөн адамы менен анын турмушуна да эч кандай толкундануусуз жана коркунучсуз эле боло тургандыгын күттү.
178 Бул табийгый нерсе эле. Мындай сезимди ал айбанканадан жапайы айбандарды көрүп жаткан кезде да жана бороон болуп, чагылгандын жарк эткенин көргөндө да сезген. Бул болсо, албетте, ааламдагы кубулуштардын эле бири, ал эми ушундай эле ааламдык нерсе Мартинден да сезилип турат.
179 Анын тулку-боюнда Руфь өмүрүндө укпаган чоочун өлкөнүн таш боор жана аябаган ээн баш адамдары менен мушташа кетүүдөн пайда болгон тырыктары даана көрүнүп турат. Бул жигит Руфь үчүн али үйрөтүлө элек көк торпок сыяктуу болуп көрүндү жана ушул жигит өзүн чексиз сүйүп калгандыгын өтө жактырды.
180 Кээде аны Мартиндин жылдыздан ары учкан кыялынын эргиши кызыктырганы менен, кээде анын талкуулоолору ага аңкоо сыяктуу көрүнүп, жакпай да жатты. Андан кийин Руфь ага музыка ойноп берди, музыканын назик үндөрү Мартиндин бүткүл ички дүйнөсүн аралап өткөнсүдү, Руфь муну баалай да албады.
181 Мартин музыканын үнүн уккан сайын кадимки гүлдөр күндүн нуруна ачыла баштаган сыяктуу көңүлү жашарып, жаш кыялы эргигендей болду, мурдагы майда ритмдерди жана джаздар музыкасынын кулакты тундурган жагымсыз үндөрүн тез эле унутуп, Руфтун сүйгөн классикалык репертуарын баалай баштады.
182 Анын өткөн күндөрү ага Венериндин үңкүр жөнүндөгү темасында айкын-ачык берилген эле, а Руфту болсо ал ажылардын хору менен байланыштырды; мына ушинтип вагнердик обондор анын кыялын жакшылык менен жамандык түбөлүк күрөш жүргүзүп жаткан ай-ааламдын асманына көтөрүп кеткенсиди.
183 Бирок ал ырдаган кезде, Мартин ага эч нерсе деп суроо берген жок. Мартин андан кулагын албай, телмире тиктеп угуп олтурду жана кайрадан анын көз алдына фабрикалык кыздардын чыйылдаган ачуу үндөрү, порттордогу аракканаларда ажаандуу мас аялдардын үндөрү чыкпаса да чуулдашкандары элестей түшүп жатты.
184 Баарынан да ал Мартиндин жанында тургандыгына ажары аябай ачылып турду. Мартинден ал чочулабады. Алды менен ал чындыгында эле анын тынчы жок жүрөгүнө саал коркунуч туудурган болучу, ал эми азыр болсо, ал коркунуч тарап кеткенсиди. Ал эмнегедир эрксизден өзүн ага жакын сезе баштады.
185 Руфь университетте сабакты көп окучу, ошондуктан ага кээде китептин чаңын жутуудан эс алып, Мартиндин өзү менен кошо ала келген деңизинин салкын абасынан дем алып туруу да ага пайдалуу болду. Күч! Ооба, ага күч керек болчу жана Мартин өзүнүн күчүнөн ага бөлүштүрүүнү аяган жок.
186 Анын атасы казынанын кассири болуп иштеп, бир нече жыл бою ооруп, акырында кургак учуктан Аризондо каза тапкан, мына ошентип, мистер Бэтлер, — анын аты Чарльз Бэтлер — тап-такыр жалгыз калган. Анын атасынын чыккан теги австриялык, бирок анын Калифорнияда жакын туугандары жок эле.
187 Басмаканага кирип иштеп, — бул жөнүндө ал мага өзү бир нече жолу айтып берген, — алгачкы учурларда жумасына үч доллардан иштеп тапкан. Ал эми азыр болсо, ал жылына отуз миңге чейин иштеп табат. Ал кантип буга жетишти? Ал — ак ниеттүү, күжүрмөн, жыйнак-тернектүү бүйрө жигит боло турган.
188 Албетте, көп узабай эле ал үч доллардан ашык иштеп таба баштады жана кирешеси көбөйгөн сайын анын жыйган акчасы да көбөйө берди. Ал күндүз иштеп, жумуштан кийин кечки мектепке барып жүрдү. Келечек жөнүндө абдан көп ойлоно турган. Андан кийин ал кечки курска да катыша баштады.
189 Он жети жашында тамга терүүчү болуп иштеп, жакшы эле иштеп таба турган болду, бирок ал атак-даңкты өтө сүйө турган. Өз келечегин түбөлүк жалан гана нан менен эмес, мансап менен да камсыз кылууну эңсеп, ал бул үчүн кандай гана кыйынчылыктар болбосун каршы барууга да даяр эле.
190 Эх-э! Ал бул отуз миңге өтө кеч жеткен экен. Мартиндин өтө ийкемдүү элестетүүсү ушул замат бүйрө жана камкор жигиттин бүткүл өмүрүн ийне-жибине чейин жана акырында жылдык кирешеси аны отуз миңге алып келген турмуштун ичке жана тар жолун көз алдына айкын-ачык сүрөттөп турду.
191 Эгерде ал азыр жыйырма төрттө болбой он төрттө болгон болсо, анда мүмкүн Мартиндин таасиринен өзүнүн көз карашын өзгөртмөк. Бирок ал азыр жыйырма төрттө, ага дагы кошумча ал эски көз карашчыл, ал эми, анын алган тарбиясы болсо, анын өсүп чоңойгон чөйрөсүнүн турмушу менен жаны бир.
192 Атам аны толук жактырып, анын зор келечектүү адам экендигине чоң баа берген. Ал менин атамдын кеңеши боюнча юридикалык мектепке кирип, аны жакшы бүтүрүп чыгып, адвокат деген кесипке ээ болуп, атамдын мекемесине кайра келип анын кенже шериги болуп иштеп калды. Ал өтө көрүнүктүү адам боло турган.
193 Ал мистер Бэтлер эмненин айынан башынан мындай бардык азап-тозокторду өткөрүп жүргөнүн толук түшүнө албады. Эгерде ал булардын бардыгын кызды сүйгөндүктөн, ага чексиз берилгендиктен же болбосо, кооздукка суктангандыктан жасаган болсо, анда Мартинге түшүнүктүү болот эле.
194 Отуз миң доллар бул албетте жаман эмес дечи, бирок анын аш казанынын бузулуп жана турмушка болгон кубанычын жоготуп койгондон кийин анын ага эмне кереги бар? Мартин бул өз оюнун көпчүлүгүн Руфка баяндап жана ошонун өзү менен Руфтун, аны кайра тарбиялоо керек деген пикирин ого бетер курчутту.
195 Руфь болсо, өзүнүн чөйрөсүнө таандык бардык адамдардай эле, өздөрүнүн гана расасы, дини жана саясий көз караштары жакшы жана туура, ал эми дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда жашап жаткан калган башка адамзат боло турган болсо, бизден кем жана төмөн турат дегендей сандырак ой жүргүзө турган.
196 Ал мындан сегиз ай мурун бардык акчасы зарп болгондон кийин, Соломондордун аралдарынын бир жерине көмүлгөн казынаны издөөгө жолго чыккан кемеге жалданып жөнөп кеткен. Көп аракеттер жумшаган менен, натыйжасыз болуп чыккандан кийин, акырында бул казынаны издөө токтотулган.
197 Экспедиция суучулдар менен Австралияда эсеп-кысабын бүтүргөндөн кийин, Мартин тез эле Сан-Франциского жөнөөчү кемеге дагы жалданып түшкөн. Бул сегиз айдын ичинде ал кургактыкта көпкө чейин кармалууга жеткидей көп акча гана иштеп таппастан, ал өзүнүн ишин улантууга да убакыт табууга үлгүрө алды.
198 Ал Руфтун бардык айткан кеп-кеңеш, акыл-насааттарын эсине түшүрүп жана тез эле аранын ичинде өзүнүн кемедеги офицерлерден жана тобокелчил адамдардын бардыгынан — финансылап жүрүшкөн каютадагы жентельмендерден англисче тазараак жана туурараак сүйлөй баштагандыгына өзү дагы таң калып кетти.
199 Трагедиянын кээ бир жерлери ага ушунчалык күчтүү жаккандыктан эч бир кыйналуусуз эле аларды эсине тутуп алып жатты жана бир топко чейин, бүт дүйнө ага елизаветиндик театрдын образындай жана формасындай элестеп, ал эми анын ойлору болсо, өзүнөн-өзү кадимки ак ырларга айланып кетип жатты.
200 Ал өз күчүн сезгендиктен жана бардыгы колунан келе ала тургандыгын туюнгандыктан мас боло түшкөнсүдү. Кайнаган турмуштан обочолонуп Улуу океанда сүзүп жүрүүсү ага зор пайда болду. Бул жерден ал адамдар, турмуш жөнүндө туура жана так ой жүгүртүп, алар жөнүндө эң таамай, таасын корутундуга келди.
201 Ал сүзүүдөн кайтып келери менен эле токтоосуз жазууга киришет. Эң алгач ал казына издегенге барган экспедиция жөнүндө жазат. Ал бул аңгемени Руфка билдирбестен туруп, Сан-Францисконун кайсы бир журналына жөнөтөт жана Руфь анын атын басмадан кокусунан көрүп алып, аябай таң калып толкунданат.
202 Ал эч качан жеңилбейт, себеби ал эмгектене алат жана анын бет алдындагы бардык чепгер эрксизден кулап түшөт. Ал андан кийин деңизде жөнөкөй суучул болуп сүзүп жүрбөйт, ал аңгычакты таттуу кыялдарга чөмүлүп кетип, көз алдынан өзүнүн менчиктүү кичинекей жел кайыгын көрө калды.
203 Бирок, мындан да маанилүү, бардык маанилүү нерселерден да чексиз маанилүү нерсе, акырында ал — Руфка татыктуу болот. Даңк, өзүнөн-өзү жакшы нерсе дечи, бирок, анын оюндагы бул максаттар жана тилектер анын даңкка жетсем дегендигинен эмес, Руфка жетсем дегендигинен пайда болуп олтурат.
204 Чөнтөгү толгон акча менен Мартин Оклендге келип, баягы Бернард Хиггинботамдын үйүндөгү кичинекей тар бурчтан орун алды да, жазууга киришти. Ал өзүнүн келгендиги жөнүндө Руфка билдирген жок. Ал ага казына изилдөөчүлөр жөнүндөгү очеркин жазып бүтүрүп туруп, анан баргысы келди.
205 Кала берсе, анын жазган ар бир сабы аны Руфка улам жакындаткансып турду. Ал аңгеменин көлөмү канча болорун ачык тактаган жок, бирок ал өткөн жумадагы «Сан-Францисконун баяндоочусунун» тиркемесиндеги эки жөөктү ээлеген очеркти көрүп, көлөмүн дал ошого чакандап жазууну чечти.
206 Үч күн такай отуруп, Мартин өзүнүн очеркин жазып бүтүрдү, ал аны окууга жеңил болсун үчүн бадырайган тамгалар менен күзгүдөй кылып, таза көчүрүп чыкты да жана ошол замат китепканадан алган көркөм сөз окуу китебинен абзаңтар менен тырмакчалар боло тургандыгын билип ала койду.
207 Ал булар жөнүндө мурун ойлобогонун карасаң! Мартин окуу китебин улам карап коюп, очеркин кайрадан көчүрүүгө киришти, ал бир эле күндүн ичинде жат жазуунун толук эрежелерин, жөнөкөй мектеп окуучусу бир жылда да өздөштүрө албай турган дагы көптөгөн маалыматтарды үйрөнүп ала салды.
208 Ал бул закондун эки пунктун тең бузду, жана дагы ал, эң мыкты журнал сөздүн ар бир жөөгүнө он доллардан кем төлөбөйт деген сөздү да окуду. Мартин очеркин үчүнчү жолу көчүрүп чыгып, сөзүнүн жөөктөрүн он долларга кайра-кайра көбөйтө берүү менен өзүн бир топ эле соороткондой болду.
209 Үч күндүн ичинде жүз доллар! Демейде мындай суммадагы акчаны табыш үчүн ага үч ай бою деңиз кесип кетүүгө туура келмек. Эгерде жазганыңдан бир нерсе чыгарсаң, кемеде сүзүп жүрүп эмне, акмаксыңбы? Ошондой болсо да, Мартин үчүн акча өзүнөн-өзү анчалык деле, бөтөнчө баалуулукту түзө албады.
210 Ошону менен бирге, ал укмуштуу сонун, анчалык оор эмес, туура жана пайдалуу дагы бир идеяны ойлоп таап, анын артынан түшмөк болду; балдар үчүн укмуштуу окуялуу аңгеме жазып, «Өспүрүмдөрдүн жолдошуна» жиберүүнү чечти. Ал окуу залына барып, «Өспүрүмдөрдүн жолдошунун» бир нече даанасын алып окуп көрдү.
211 Көрсө, чоң аңгемелер жана повесттер бул жума сайын чыгуучу журналга үзүндүүзүндү болуп, ар бир санга үч миң сөздөн кем эмес сөз басылып чыгат экен. Ар бир повесть беш санга чейин, ал эми кээ бир повесттер болсо жети санга чейин созулат экен, ал дагы дал үшул эсеп боюнча аракет кылмак болду.
212 Мартин унчуккан жок, бирок, ичинен көтөрүлүү менен «Баяндоочунун» жекшембидеги санынан казына изилдөөчүлөр жөнүндөгү очеркимди көрүп окуганда мыш болуп, кандайча таң калганыңды көрөрмүн деп ойлонду. Жекшемби күнү ал эртең менен эрте туруп, көчөдөн газетанын качан сатыларын күтүп турду.
213 Кээде ал, ушундай токтоло түшкөн учурларда жазган повестин бир эмес, бир нече жолу кайрадан окуп чыгып жана өзүн-өзү чыгармачылык улуу иштен көңүлүмдү саал алагды кылганым менен, жат жазуунун эрежелерин билүүгө жана өз оюмду так түшүндүрүп айта билүүгө үйрөнөмүн да деп тынчтангансый түштү.
214 Ал кичинекей бөлмөсүндө олтуруп, кеч киргенче жазып, андан кийин окуу залына келип, жума сайын жана ай сайын чыгып туруучу журналдарды аңтарып окуп, кечки саат онго чейин, башкача айтканда окуу залы жабылганга чейин олтурду. Анын бул жума үчүн да планы дал ушундай болду.
215 Ар бир сөзү эки центтен болгондо да, ага бул чыгармасы үчүн төрт жүз жыйырма доллар тийиш керек. Бир жумалык эмгек үчүн бул тим эле бир бекер акча да. Ал өмүрүндө эч качан мындай көп акчалуу болуп көргөн да эмес. Ал мунун бардыгын эмнеге жумшоо керек экендигин өзү да билбей калды.
216 Мартин «Өспүрүмдөрдүн жолдошуна» көлөмдүү кол жазмасын жөнөтүп жиберип, ишемби күнү кечинде бермет кармоо жөнүндөгү очеркинин планын ойлонуштуруп коюп, Руфка жөнөдү. Ал алды менен телефон аркылуу сүйлөшүп койгон эле, мына ошондуктан Руфь аны эшигинин алдында өзү тосуп алды.
217 Бул күч Руфтун бүткүл дене-тамырларына тарап, аны толкутуп, оттой жандырып жибергенсиди. Кокусунан анын колу Руфтун колуна тийип кетип, уялып кызара түштү да, анан кайра анын көгүлтүр көздөрүнө жоодурай тиктеди, сегиз ай бою деңизде жүрүп күнгө күйгөн Мартиндин жүздөрүнөн Руфь аны байкаган жок.
218 Бирок, жакасы өйкөп, күнгө күйгөн моюнунун кызара түшкөндүгү дапдаана көрүнүп турду, Руфь муну сезип, бырс этип күлүп да жибере жаздап барып, араң токтоду. Кала берсе, ал Мартиндин кемсел-шымынын тигиштерине чейин көз чуркатып чыкты да, анан өзүнүн күлкүсүнүн кайда кеткенин билбей калгансыды.
219 Бирок анын сөздөрүнүн сырткы гана түрү эмес, ички мазмуну да өзгөргөн эле. Анын сөздөрүнүн ачык-айкындыгы жана курчтугу Руфту чексиз кубандырууга алып келди. Ушундай эле анын табийгый шайырдыгы, күлдүргүчтүгү аны жолдошторунун алдында чоң кадыр-баркка ээ кылып, соболосун көтөргөн.
220 Бирок ал мурда Руфка бул шыгын көрсөтө албаган себеби, Руфтун тили жана сөз байлыгы башкачараак эле. Ал азыр акырындап бул чөйрөгө да ык ала баштап, эми мурдагыдай болуп өзүн жат кишидей кармабай калды. Ошенткени менен аңгемелешүүгө келгенде өзүн өтө эле сак кармачу болду.
221 Ушул замат анын көз алдына азыр Руфь экөө сүйлөшүп олтурган конок үйүнүн ичинен өткөндөгү турмушунун одоно жана жийиркеничтүү жүздөгөн элестери көрүнгөнсүп кетти. Бирок, бул көз ирмемге созулган түрдүү көрүнүш анын оюнун жүрүшүн токтото, аңгемелешүүнүн кызыктуулугун басаңдата албады.
222 Бирок, бул экрандын тегерегинен тап-такыр башка көрүнүштөр пайда болуп жана кайра жок болуп кетип жатты. Ал кадимки көрүүчү сыяктуу бул картинанын кайсынысын жактырса, ошонусун эркин көрө алмак. Ал мунун бардыгын тең, азыр эле ачык кызыл нур жарып өткөн тумандын мунарыгы аркылуу көрүп тургансыды.
223 Мына ушинтип Мартин Идендин ролу так аныкталды. Ошондой болсо да, Артур менен Норманга кызыгып, аларга жакындашкысы келип жүргөн Мартин бир укмуш көңүл ачуу сейили жөнүндөгү тигилердин сөздөрүнөн терең ой жүгүртүп калды, эгерде Руфь кошо барбаган болсо, аны мындай сейилдөө кызыктырбайт да болучу.
224 Бирок ал, эч качан велосипед тээп көргөн эмес, ошентсе да Руфь велосипед тепкен соң, ал да, кандай гана болбосун тез аранын ичинде сөзсүз велосипед тебүүгө үйрөнүшү керек. Мына ошондуктан, ал үйүн көздөй келе жатып, жолдон дүкөнгө кирип, кырк долларга бир велосипед сатып алды.
225 Дүйшөмбү күнү эртең менен Мартин өзүнүн бүтпөгөн бермет кармоо жөнүндөгү очеркине бир аз көз жүгүртүп алды да, оклендик мектепти көздөй жөнөдү. Бир нече күндөн кийин тапшырган сыноонун жыйынтыгын билүү үчүн келип, грамматикадан башка бардык сабактардан кулап калгандыгын укту.
226 Сиз кээ бир студентке караганда чындыгында көбүрөөк билесиз, бирок, карачы, сыноодон да өтө албай минтип кулап олтурасыз. Мунун себеби, сиз дайыма үзгүлтүк менен окуп келгенсиз. Сиз белгилүү система боюнча окушуңуз керек, бул үчүн жакшы мугалим керек. Билим негиздүү болууга тийиш.
227 Ал Мартинди көздөй жагымдуу тигилди. Мартин ага бекер каршы чыккандыгы үчүн өзүн ичинен көк мээ торпоксуң деп атады. Физика же химия үчүн лаборатория керек, — деди Руфь. Алгебра менен геометрияны сиз эч качан өз алдыңызча түшүнө албайсыз. Сизге сөзсүз жетекчи, тажрыйбалуу адис мугалимдер керек.
228 Каз сууну көздөй кандай умтулса, мен да билимди көздөй дал ошондой умтуламын. Мен грамматиканы кандай өздөштүргөндүгүмдү сиз көрдүңүз го. Мен мындан башка дагы көп нерселерди окуп үйрөндүм; эгерде сизге анын баарын айтсам, сиз көз алдыңызга элестете албайсыз, ушунчалык көп деңиз.
229 Китепканага барган сайын мен дайыма ушул жөнүндө ойлоймун. Мугалимдин милдети өзүнүн окуучусун бардык карталар менен бирден тааныштырып чыгуу гана болот. Болду ушуну менен бүттү. Ал — бир өткөргүч сыяктуу. Ал өзү эч нерсени ойлоп чыгара албайт. Жаңы эч нерсени жарата да албайт.
230 Бул дал ушундай. Ал эми мен болсом, калыбы аларсыз эле, алга жылат окшоймун. Мен мындай картинанын тегерегинде абдан көп жүргөнмүн жана мага кайсыл жээк керек, кайсыл жээкти мен изилдөөгө тийиш экендигимди да жакшы билемин. Мен кала берсе, багытты өзүмө өзүм тезирээк тандап аламын.
231 Эх, атаганат! Эгерде ал, бардык өзүнүн көргөндөрү жөнүндө Руфь да көрүп тургандай кылып, элестүү түшүндүрө алган болсочу! Аны, күтүлбөгөн жерден өз оюнун тереңинде пайда болгон бул зор көрүнүштөрдү Руфка тезирээк сүрөттөп айтып берүүнү каалагандык сезими кыйнап жибергенсиди.
232 Мына, сырдын кулпусу ачылды! Эмне дегенде бул ишти бир гана улуу устаттар — акындар менен жазуучулар гана иш жүзүнө ашыра алышмак! Алардын улуулугунун сыры да, дал мына ушунда турат. Алар бардык көргөндөрүн, ойлогондорун жана сезгендерин сөз менен толук баяндап бере алышат.
233 Ал бул сөздү кантип тапты? Бул сөздөр анын олестеринин таасиринен пайда болгон аңгемелешүүдөгү бир аз тыныгуунун себебин туура айкындап турган эле. Бул чындыгында укмуш! Ал эч качан минтип, өзүнүн сонун ойлорун сөз жүзүндө баяндап бере алчу эмес, экинчиден, ал баяндоого аракеттенип да көргөн эмес.
234 Анын эсине өзүнүн жазган «Акак кармоочулары» түштү. Ал жогоруда айтылгандай, эч качан сөз менен жүрөгүндөгү жаткан кооздукту сүрөттөп көрсөтүүгө аракет кылган эмес. Эгерде ал башынан ушундай аракет жасап жүргөн болсо, мүмкүн анын аңгемеси тап-такыр башкача көркөмдүктү түзмөк эле.
235 Руфь аны кечирди да жана өзүнүн ырайымдуулугуна таң калып да кетти. Аны кечирүү эмнегедир оңой болуп көрүндү. Себеби ага турмуш шарттары башка адамдар сыяктуу болууга мүмкүндүк бербеген, бирок ал бул кыйынчылыкты жеңүүгө аракет кылып, бир топ ийгиликтерге да ээ болуп олтурат.
236 Ритм, метр, ырдын жалпы эле түзүлүшү өз алдынча чоң кыйындыктарды туудуруп жана мындан тышкары ал улуу акындардын ырларынан дагы бир акыл менен ой жеткис кандайдыр бир укмуш касиеттерди учуратып, бирок ал, бул сыяктуу касиеттерди өзүнүн ырларына тап-такыр киргизе албады.
237 Мартин өз ырын өзү үнүн чыгарып окуду. Ырдын өлчөмү, уйкаштыгы жана куюлуштугу түзүк болгону менен, анда жалындуу таасирлер, көңүлдү толкундатуучу улуу күч жок эле. Мунун эмне себептен ушундай болуп жатканына ал такыр түшүнбөдү. Кээде капага чөмүлө түшүп, кайра өзүнүн аңгемесин жазууга киришет.
238 Аны мурда курчап турган бардык чөйрө: чириген жашылчалар менен самындуу суунун жыттары, эжесинин адамдын боору ачый тургандай аянычтуу мүчөсү жана мистер Хиггинботамдын күлкүнү келтирүүчү кебете-кепшири — мына ушунун бардыгы ага азыр кандайдыр бир түш сыяктуу болуп көрүндү.
239 Бирок «Сан-Франңисконун баяндоочусу» жөнүндө кеп тап-такыр башкача болду. Мартин эки жума жооп күтүп, келбегенден кийин кат жазып жиберген, дагы бир жумадан кийин ал дагы бир жолу кат жазып жиберди. Эң акырында ал, редакцияга өзү келип, редактор менен бетме-бет жолугушууну каалады.
240 Бешинчи жуманын акырында анын кол жазмасы эч кандай түшүндүрүүсүз кайра кайтарылып келди. Же баш тартылганы жөнүндө жооп жазбайт, же бир түшүнүк каты жок, эч нерсе жазбаптыр. Мына ушундай эле, анын Сан-Францисконун чоң журналдарына жиберген башка аңгемелери да тез арада эле кайтып келди.
241 Машинкага басып туруп жиберген аңгемелеринин да кайтарылып келиши Мартинди канчалык айран-таң калтыргандыгын түшүндүрүү кыйын эле. Мартиндин өңдөрү кубарып, жаак сөөктөрү бери чыга түштү, ал ого бетер тажабаган өжөрдүк менен улам жаңы адрестер боюнча өзүнүн кол жазмаларын кайрадан жөнөтө баштады.
242 Чындыгында менин көңүлүмө ушунчалык жагып, жүрөгүмдү чексиз толкундатып жибергендигин эч сөз менен айтып, түшүндүрө да албаймын! Бирок, Мартин аңгемесинин бардыгы эле эжесине түшүнүктүү боло бербегендигин сезди. Анын ырайымдуу жүздөрүнөн кандайдыр бир таң калгандыктын белгиси көрүнүп турган эле.
243 Ансыз деле өзүмдүн кайгым аз эмес эле. Жакшынакай көңүлдүү нерселер жөнүндө уксам, кайгы-капам жеңилдей түшкөнсүйт. Эгерде ал жигит ошол кызга үйлөнгөн болгон болсо... Мени жаман көрбөйсүңбү, Март, — деди ал тынчсыздана түшүп. — Мүмкүн мен жаңылып жаткандырмын, анын үстүнө өзүм да аябай чарчадым.
244 Ошондо күнүнө элүү доллардан тапкан болом! Мартин өзүнүн аңгемелерин Руфка ушунчалык окуп бергиси келди да, бирок кайра сүрдөнгөндөй токтоп калды. Ал бир нерсеси жарыкка чыкканга чейин күтүп турууну чечти, — мына ошондо Руфь жок дегенде, анын чыгармачылыкка болгон умтулуусун жакшыраак баалар.
245 Ага баштан өткөргөн мурдагы саякаттарынын бири дагы, азыркыдай — адамдын акылынын али жол салынбаган чытырман түнт токоюн көздөй жасаган саякатындай кызыктуу көрүнө албады. Ал физика менен химия окуу китебин сатып алды да, алгебра менен катар физикалык закондорду, анын далилдөөлөрүн үйрөнө баштады.
246 Окуган китептеринин барактарынан Мартин акырындык менен дүйнөнүн сырын биле баштады. Ал мурда дүйнөнү өзгөрүлбөгөндөй жана бирөө жараткан сыяктуу кабыл алган эле, мына эми, азыр болсо ал — дүйнөнүн түзүлүшүн, кубулушун, күчтөрдүн катыштарын, жаратылыштын түзүлүш закондорун түшүндү.
247 Бирок, Мартин үчүн эмгек өзүнөн-өзү эч кандай мааниге ээ болбогон сыяктуу сезилди. Ал сүйлөө жөндөмдүүлүгүнө ээ боло түшүп, көп жылдар бою өзүнүн санаасында үнсүз-сөзсүз катылып келген көркөмдүк жөнүндөгү бардык ою жана тилеги жөнүндө күтүлбөгөн жерден зор толкундануу менен баяндап жиберди.
248 Ага өзүнүн бул чыгармасы ушунчалык көркөмдүк менен жазылгандай көрүнүп, мына ошондуктан ал, эгерде убактылуу мүмкүнчүлүк келип калса жалгыз гана Руфь менен пикир бөлүштүрүүнү каалады. Ал дал ушуга чейинки чыгармасын эч кимге айтпай, өзүнчө кайра-кайра окуп чыгып, акырында жаттап ала турган да болду.
249 Ал ар бир минута сайын толкундануу менен жашап жана бул толкундануу анын түшүндө да улантыла берди, анын акыл-эси мажбурланган беш сааттык аракетсиздикке каршы чыгып, өңүндөгү көргөн жана ойлогон окуяларын түшүндө да улантып, укмуштуудай жана ыксыз кыялдарды туудуруп жатты.
250 Дүйнө ага кандайдыр бир сырдуу закон боюнча өз ара таасир этүүчү молекулалар менен атомдордон тургандыктан эмес, ушул дүйнөдө Руфь жашап жаткандыктан таң каларлык болуп көрүндү. Руфь ага мурда эч качан билбеген, кыялданбаган, кала берсе ойлоп да койбогон укмуштуу керемет сыяктуу сезилди.
251 Бирок, ал экөөнүн ортосундагы аралыктын таасири Мартинди кээде терең кайгыга чөктүрүп жибере турган. Руфь андан кол жеткис чексиз алыстыкта турду, ага жакындоо үчүн эмне кылуу керек экендигин ойлой берип анын акылы айран болду. Ал өз табынын кыздары менен аялдарына өтө кадырлуу болучу.
252 Кеп бул жерде, Руфтун башка тапка таандык экендигинде эмес эле. Анын жүрөгүндөгү сүйүүсү Руфту бардык таптардан жогору көтөрүп кеткендей болду. Ал бөтөнчө жан эле, болгондо да Мартиндин оозунан сөзүн түшүрүп, жүрөгүн жаралаган сүйүүсү менен ага кандай мамиле кыларын билгизбей, сүрдөткөн жан эле.
253 Анын назик кыялы Руфту ушунчалык ыйык жана кол тийгизгис таза кылып сездирип, ошондуктан аны менен дене жактан жакындашуу жөнүндөгү ойлорду башынан алыс качырды. Сүйүүнүн өзү андан Руфту алыстатып жибергендей, кол жетпес бийик аскадай анын ортосун ажыратып салгандай сезилди.
254 Алар жанаша олтурушуп, ширеси ачуу винону элестеткен, чоң-чоң кара алчалардан жеп олтурушту. Руфь ага «Кан кызын» окуй баштаганда, Мартин анын назик эриндеринен кызыл боёк сыяктуу алчанын жугун байкады. Көз ирмемдин ичинде Руфтун мурдагы кол тийгис ыйыктыгы өз маанисин жоготуп жибергендей болду.
255 Анын эриндери деле өзүнүкүндөй жана алчанын анын эриндериндеги калтырган жугу да өзүнүкүнө окшош болуп турду. Эгерде анын эриндери ушундай болгондон кийин, демек, сөзсүз анын баркы бардык табийгаты да, дал ушундай болууга тийиш. Ал аял болучу; башка бардык эле аялдар сыяктуу аял эле.
256 Мартиндин жалындаган көз карашы Руфтун көгүлтүр көздөрүнөн, алчанын кичинекей жугу тийип калган эриндерине түштү, бул сезимден ал эс учунан тангансып кетти. Мартиндин колдору чаржайыт турмушту башынан өткөрүп жүргөн мезгилдеги башка аялдарга сунулган сыяктуу азыр Руфту көздөй сунулду.
257 Ушул эле замат ал Мартиндин уялып тургандыгын байкап, кубанычтуу жылмайып койду. Мартиндин көз карашы Руфтун жылдыздай жанган көздөрүнө чагылыша түшкөндө, ал өзүнүн жүрөгүндө кандай өзгөрүү боло түшкөндүгүн Руфтун али толук сезбегендигин түшүнүп, өтө чаап кеткендей болду.
258 Дал мына ушул жерде, ал экөөнүн ортосундагы терең айырмачылык жаткан эле! Руфь болсо тап-такыр башка кыз боло турган! Мартин өзүнүн одонолугунан жана Руфтун аны жаман көргөндүгүнөн төмөн чөгө түшүп, ал экөөнүн ортосундагы чексиз алыс аралыкты кошуп турган жанагы көпүрө кулап түшкөнсүдү.
259 Ошентсе да, бул окуя аны Руфка саал жакындаткандай болду. Санаасынан кетпеген бул окуя жөнүндөгү ой анын кайгы капасын басаңдаткандай жана ага кээде шык берип, алга ээрчиткендей таасир этти. Алардын ортосундагы чексиз аралык эми кайра мурдагыдай анчалык деле алыс болуп көрүнбөдү.
260 Бирок анын эрин Деринде алчанын кара кочкул темгилдери алиге турат. Экинчиден ал дүйнөдөгү бардык жан-жаныбарлар сыяктуу эле физикалык закондорго баш ийип, алардай эле жан сакташ үчүн, тамактанууга жана кала берсе, суукка тийип ноокастап калышы да мүмкүн. Бирок, кеп мында эмес эле.
261 Кадимки алыстан угулган музыка сыяктуу назик жана жагымдуу, күмүштөн жасалган коңгуроолордун шыңгыраган үнүндөй ачык жана каухар таштай таза үн! Жок! Док урунган жөнөкөй аялдардын үнү мындай болууга мүмкүн эмес. Бул үндө кандайдыр бир зор бөтөнчөлүк, башкаларда жок айырмачылык бар эле.
262 Сезимдердин толкунуна эрксизден термеле түшүп, ал Руфтун арып жаткан сөздөрүн араңдан зорго туюнгандай болду. Бул учурда ал мистер Хиггинботамдын чычкандыкындай тикчийген көздөрү өзүнөн өтүп тургандыгын байкап, мына ошондуктан ал өзүнүн сырткы көрүнүшүн токтоо кармоого аракеттенди.
263 Ал аны ушунчалык күчтүү, терең кызганыч менен сүйүп жана бул сүйүүгө жетээрине өзү ишенбей да турду. Бул минутада ал, Руфь өзү менен, ооба, өзү — Мартин Иден менен бирге лекцияга бара тургандыгын ойлонуп, чексиз кубанычтын таасиринен өзүн кандай кармаарын да билбей калды.
264 Бул болсо, чыныгы махабатты башынан өткөргөн ар бир адамга түшүнүктүү болгон, — сүйгөнү үчүн жанын кыюунун улуу толкуну болуучу. Бул толкундануу сезими кургак чөпкө кокусунан жабыша калган жалындын баш бербеген учкундарындай тездик менен шатырап анын бүткүл денесин каптап өткөндөй болду.
265 Мартин калтыраган колундагы трубканы ордуна илип, эстен тана шалдырай түшкөн денесин араң эле кармап тургансыды Анын көздөрү кадимки периштеникиндей чачырап, жүзү таптакыр башкача болуп өзгөрүлүп, жер шарындагы болгон бардык арамдыктардан тазаланып, ары ыйык, ары наристедей азис болуп турду.
266 Кала берсе, жездесинин бул орой сөзү аны ирээнжите албады. Ал бардык жек көрүү менен ыксыз туталануудан тышкаары турду. Ал азыр укмуштай кооз көрүнүштөргө арбалып, жана кадимки кудай сыяктуу пейлиң кенен таштап, бул жүргөн бир караанга боору ачыгандан башка эч бир көңүл буруп койгон да жок.
267 Кийимдерин алмаштырып кийип бүтүп, галстугун байланып жаткан учурда, кулагын жарган кандайдыр бир ачуу дабыш аны селт эттирип жиберди. Көрсө, бул анын кулагына ага азыр эле угулуп жаткандай сезилген, эчак сиңип калган Бернард Хиггинботамдын жиндиникиндей каткырган күлкүсү экен.
268 Алардын артынан Морздордун эшиги жабылганда гана Мартин Руфь менен бирге басып бара жаткандыгына араң ишенди, ал күтүлбөгөн жерден баш аламан ойлорго, уйгу-туйгу бүшүркөөлөргө кириптер боло түштү. Бул сейилдин кубанычы күтүлбөгөн жерден эртең мененки тумандай тарап жок боло түштү.
269 Бирок, ушул замат экинчи бир суроо пайда боло түштү: өзүн колтуктоону ага сунуш кылыш керекпи, же? Бул убакка чейин ал, эч качан өзүнүн жанында бара жаткан кызга өзүн мени колтуктап алыңызчы деп сунуш кылган эмес эле. Аны менен жүргөн кыздар эч качан жигиттер менен колтукташып басышчу эмес.
270 Алгачкы таанышкан учурларда алар жигиттер менен жөнөкөй гана катар басышчу да, андан кийин бара-бара терең таанышкандан кийин алар мүмкүн болушунча караңгы көчөгө салып, анан баштарын өздөрүнүн жигиттеринин ийиндерине жөлөп, өздөрү алардын белдеринен кучактап басышчу. Бирок бул жерде иш башкача эле.
271 Аңгыча болбой анын башына бир ой келе калды. Ал оң колун саал өйдө көтөрүп көнүмүш иретинде кокусунан жасангансып акырын ийип койду эле, укмуш окуя боло түштү. Мартин Руфтун назик колдору өзүнүн билегинин үстүнө кандайча шып этип келип, коюла калгандыгын билбей да калды.
272 Анын делебеси козголо түшүп, бир топко чейин ал жер менен баспастан, денесине канат бүткөндөй, асманга көтөрүлө түшкөнсүп кетти. Бирок, жаңыдан пайда болгон татаал ойлор анын башын тегеретип жибергенсиди. Алар көчөнү туура кесип өтүшүп, эми тротуардын сырт жагынан ич жагына түшүштү.
273 Мартин бир аз ыңгайсыздана, олку-солку боло түштү да, анан калпагын алып ыклас көрсөтүп, башын ийкеп койду: Лиззи Конолли аны көздөй жооп кайтарып, Руфтун назик жана токтоо көз карашына такыр окшобогон жайдары жана келе-келүү көз карашын жиберип, ал дагы башын ийкегенсип койду.
274 Анын жаш денеси кадимки сагыз сыяктуу чоюлчаак келип, оор жумуштун шартына жараша ар түрдүү формага тез эле өтүп кетүүгө ийкемдүү. Мен тааныбасам дагы, көчөдөн кандай гана жумушчуну жолуктурбайын, бир көз караштан эле, анын кандай кесипте иштей тургандыгын так аныктай аламын.
275 Карачы, кандай сулуу кыз өзү... Мартин Руфту көздөй бурулуп, анын көздөрүнөн капалануунун белгилерин байкады. Ушул замат өзү аны канчалык сүйөөрүн жана бактысына жараша экөө колтукташып, лекцияга бирге бара жаткандыктын чексиз зор бактысы туура келгендиги жөнүндө терең ойлоно түштү.
276 Сенин, турмушта ээлей турган ордуң кайда жана кайсыл? Сенин ордуң Лиззи Конолли сыяктуу кыздардын жанында. Сенин ордуң баштан аяк бардыгы олдоксон, одоно, орой адамдардын топурандыларынын арасында эмеспи. Сенин ордуң жумушчу малдардын, ыплас жана икир-чикир булганчтардын арасында.
277 Бул талашуулар анчалык деле көрүнүктүү жана татыктуу талашуулар эмес боло турган. Алар өз эркинче талашып-тартышып жана бирин-бири шылдыңдуу ат менен аташып, богооз сөздөр менен тилдешип, уулуу какшыктарды жаадырышып жатышты. Бир эки жолу алар кызыл чеке болушуп салгылашууга чейин да барышкан.
278 Ошондой болсо да, эмне себептен экендигин Мартин өзү да жеткире аңдабай, бул талашып-тартышуулардан кандайдыр бир жандуу негизди сезгендей болучу: сыртынан олуттуу сыяктуу көрүнгөнсүгөн, бирок, артта калган мистер Морздун көз карашына караганда ага бул талаштар пайдалуураак болуп сезилди.
279 Мартин талаштын эмне жөнүндө болуп жаткандыгына түшүнө албай, бирок ал Герберт Спенсерге бөтөнчө кызыгып, китепканадан анын «Негизги башталыштарын» сурады, себеби бул чыгарма жөнүндө жанагы селсаяк талашып-тартышууда ушунчалык көп сөз кылып өткөн эле. Ага бул улуу ачылыштын башталышы болду.
280 Бул күнү кечинде ал алгебра менен физиканы окуп бүтүп, көпкө чейин кармашып ыр жазуудан кийин, керебетине келип жатты да, «Негизги башталыштарды» ачып окууга киришти. Китептин барагын жаппастан ал танды да атырды. Ал уктай албады. Бул күнү ал калем сапты да колуна кармап койгон жок.
281 Ал бардыгын билгиси келүүчү, бир чети мына ошондуктан ал, жер шарын кыдыруучу суучулдук — селсаяктык кесипке кызыгып кеткен. Азыр ал Спенсерди окуп, ал өзүнүн али эч нерсе билбей тургандыгын түшүндү жана канчалык деңиз кыдырганы менен эч нерсе биле алмак эместигин түшүндү.
282 Ал учуп жүргөн канаттууларга көз жиберип, алардын учуу механизми жөнүндө көп ой жүгүртүүчү; бирок ал эч качан учуу механизми жөнүндө жана канаттууларды учууга чейин алып келген өзгөрүү, өнүгүү процесси жөнүндө ойлоп да койгон жок. Кала берсе, ал мындай процесстин болуп өткөндүгүн аңдаган эмес.
283 Азыр болсо, ал бул теория чындыгында тап-такыр жылаңач теория эмес, жалпыга маалим өнүгүүнүн закону экендигин сезип турду. Эгерде бул маселе боюнча окумуштуулардын ортосунда дагы талаш жүрө турган болсо, эволюциянын түрлөрүнүн жекече маселелери боюнча болушу мүмкүн деп ойлоду ал.
284 Бардыгы табигый закондун негизинде болучу. Ушул законго баш ийүү менен чымчыктар асманга учуп чыгышуучу, ушул эле законго баш ийүү менен формасы суюк кан кыймылга келип, чоюлуп олтуруп дене пайда болуп, жана бул денеге канат бүтүп, акырында келип, бүткүл канаттуулар пайда болгон эле.
285 Мартинди бардыгынан күчтүү таң калтырган нерсе, бул илимдердин өз ара байланыштуулугу, кала берсе, бардык илимдердин өз ара байланыштуулугу болду. Ал билимге ушунчалык умтулчаак жигит болучу, бирок анын мурдагы билгендери анын эсинин айрым клеткаларына бөлөк жайгашкандай туюлчу.
286 Сенин сулуулук жөнүндө жазгың келет, бирок, өзүңдүн сулуулуктун табийгаты жөнүндө түшүнүгүң барбы? Жок. Турмуш жөнүндө жазгың келет, бирок анын мазмунуна түшүнөсүңбү? Сенин дүйнө жөнүндө жазгың келди, ал эми дүйнө болсо сен үчүн кадимки кытайдын баш катырмасы сыяктуу түшүнүксүз.
287 Бул, ааламдын башкы кубулуштары менен байланыштырууга, түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон, бөтөнчө бир өзүнчө кубулуш боло турган. Ал гана эмес, Мартин Руфтун ушунчалык сулуулугу менен жароокерлигине табигый бир кемчилигинин себебиненби Ольнэйдин баа бере албагандыгына боору да ачып кетти.
288 Бул жаштар үзгүлтүксүз окуп билимге ээ болушса дагы, Мартин өзүн акыл жагынан булардан кем калышнай тургандыгын сезди; алар менен аңгемелешүү ал үчүн туура сүйлөөнүн практикасы болду. Ал өзүнүн байкагычтыгына ишенип, жүрүш-туруш эрежелеринин көрсөтмө китебин окубагандыгына көп болгон.
289 Ал кээ бир гана учурларда бөлөк нерсеге алагды болуп кетип, байкабай эле калбаса, дайыма кылдаттык менен өзүнүн жолдошторунун бардык кылык-жорук, кыймылдарына, сүйлөгөн сөздөрүнө чейин көңүл буруп, алардын бири-бирине кылган мамилелерин ийне-жибине чейин калтырбай эсине сактап калууга аракеттенди.
290 Спенсерди элдин аз окугандыгы Мартинди таң калтырып жиберди — себеби — маалыматтар бөлүмүндөгү китепканачы бир күнү ага кайрылып, — о, Герберт Спенсер — бул улуу акылдуу адам эмеспи. — Калыбы, ушул китепканачынын өзү дагы бул улуу акылдуу Спенсердин жараткан чыгармаларын эң аз билсе керек.
291 Ал чыгарманы канчалык тез окуп үйрөнгөн сайын, ошончолук бет алдынан илимдин али изилдениле элек тармактары ачылып жана ар бир суткада жыйырма төрт гана саат бар экендигине аябай өкүнүчтө боло түштү. Бир күнү ал, күндүн кыскалыгын эсепке алып, алгебра менен геометрияны таштап салды.
292 Жана Герберт Спенсер да ошенткен. Ал жер үстүндөгү бардык окумуштуулардын ачкандарын корутундулап чыкты. Жана бардык нерсенин сырын өзү ачыш үчүн ага миңдеген жыл өмүр да чак келбес эле. Дал ушундай эле окуялар Дарвиндии да башынан өт-көн. Ал багбандар менен малчылардын билгендерин пайдаланган.
293 Сиз муну өзүңүз да жакшы түшүнүп жатасыз, — деди Ольнэй. — Мартин маданиятка эмес, даражага жеткиси келип олтурат. Анын маданиятка ээ болбой туруп мансап, даражага жетмек эмес, бул бир кокусунан тушташ келүү. Эгерде ал химик болгусу келсе, маданияттын ага эч кандай деле кереги жок болор эле.
294 Мартин, билесизби, жазуучу болгусу келет, бирок ал бул жөнүндө айтуудан тартынып тургансыйт, себеби — биздин бул пикир талашыбыздан сиздин утулуп калышыңызды каалабай. Эмне үчүн Мартиндин жазуучу болгусу келет, билесизби? — деп сөзүн улантты ал. — Себеби ал материалдык жактан начар турат.
295 Ал гана эмес, кээде мен өзүм уялып калам. Ал азыр жаратылыш, турмуш жана адамдын орду, максаты жөнүндө Артур менен Норманга, сиз менен мага караганда жана биздин бардык латын, француз жана англо-саксониялык тилибиз дегени биздин бардык маданиятыбызга карабастан, алда канча көбүрөөк билет.
296 Аңгеме окуу, сабак, билимдердин негиздери жөнүндө болуп, бирок, бул жаш баланыкындай болгон талаш-тартышуунун мазмуну — Мартинди бардык турмуштук көрүнүштөрдү чебердик менен эсине тутуп калууга түрткү берген, жана өзүнүн ташкындаган күчүн толкундаткан чоң маселелерге теңдеше албады.
297 Ал өзүн кыялында белгисиз бир өлкөнүн жээгине алып барылып ташталган, айлана-чөйрөнүн кооздугуна айран-таң калуу менен караган, бирок ошол жердеги жапайы туземдердин тилинде бул кооздукту ырга кошууга аргасыз болгон акын Менен салыштырды. Дал ушундай окуялар анын өз башынан да өтүп жатпайбы.
298 Руфту чексиз сүйгөндүгүнө карабастан, Мартин латын тилин үйрөнгөн жок. Ольнэйдин кенеши бул жерде кеп болбоду. Убакыт ага акча сыяктуу кымбат болуп көрүндү, жана латын тилинен алда канча маанилүү бир канча илимдин тармактары анын көңүл бурушун чечкиндүү түрдө талап кылып жатты.
299 Ал көп убакытын башкалардын чыгармаларын окуу менен китепканада өткөрүп, жана ал чыгармаларды кылдаттык менен талдап, үйрөнүп, сын көз менен карап чыгып, өзүнүкү менен салыштырып, тигилердин чыгармаларынын жарык көрүшүнүн себебин, алардын жашырын сырларын табууга аракеттенди.
300 Ал өзүнүн кол жазмасын чоң конвертке бекитип, анын ичине жооп каттын маркасын кошо салып туруп, жөнөтүп жиберди. Континент боюнча бир нече күн саякаттап жүрүп акырында, кол жазмасы айланып келип, өз колуна тийди. Башка конвертке салып, баягы каттын ичиндеги марканы сыртына жабыштырып коюптур.
301 Тыйынды соруп алып, жана ошол замат бир тешиктен чайноочу сагызды, же болбосо, шоколадды ыргытып чыгаруучу автомат сыяктуу эле. Бир тешикке тыйынды салып жиберсең, сагыз чыга келип, экинчи тешигине салып жиберсең, шоколад чыга келет! Редакторлук машине дагы, дал мына ушунун өзүндөй.
302 Булар болсо, сыртына автордун жана аңгеменин аты гана жазылган стандарттуу басма кагазы эле. Мартин мындай ар бири кеминде бир дюжинден турган каттардын жүзүн алды окшойт. Бирок, жок дегенде ушул каттардын ичинде өзүнө карата айтылган бир жандуу сөз болсо да жакшы болор эле.
303 Бирок, ал, убакытка ушунчалык сараң болгондуктан, маселени ал жылдар менен эмес, жумалар менен чечүүчү. Жаткан жери, ичкен тамагы үчүн жумалык акысын төлөөгө да анын эми кудурети жетишпей калды, анын үстүнө почтого кеткен чыгашасы да бул абалды ого бетер татаалдандырып жиберди.
304 Канчалык ал өз күчүнө ишенгени менен, жалгыздык аны аябай жадатып таштады. Кала берсе, Руфь дагы анын ишенич үмүттөрүн бөлүштүрбөй калды. Анын адабиятка аябай кызыгуусун Руфь эч качан ачык сынга алчу да, жана ошондой эле аны колдочу да эмес, бирок анын өз бет алдынча окуусун өтө жактыруучу.
305 Себеби, аны кандайдыр бир жүрөгүндөгү үнсүз дабыш токтотуп турган эле, экинчиден ал Руфтун университетке окугандыгынан, анын убактысын алуудан тартынды. Бирок, экзамен тапшырып, даражага жеткенден кийин, Руфь бир күнү андан, жазган чыгармаларынын бирөөң көрсөтүүнү суранды.
306 Мартин кубанып да, жана сүрдөп да кетти. Себеби Руфь анык сын берүүчүнүн бири. Анткени ал искусствонун даанышманы да. Ал адабиятты профессорлордун жетекчилиги астында үйрөнгөн. Мүмкүн редакторлор дагы анык сынчылардыр, бирок, Руфь анын чыгармасына башкача мамиле кылат да.
307 Ал ага өтө сергектик менен мамиле кылып өз оюн айтат жана андан да маанилүү нерсе бул — Мартин Идендин ким экендигин таанып, билет. Жок дегенде, Руфь анын жазган чыгармаларындагы терең ойлорго, улуу максаттарга жана андагы жашырынып жаткан зор күчкө аз да болсо түшүнөт.
308 Азыр болсо, түшүнүп, туурараак айтканда, түшүнөйүн деп келе жатамын. Бул чөптөрдүн эмне үчүн мындай экендигин жана бул дөбөдө анын өсүп чыгышы үчүн күн, жамгыр жана топурактын химиялык таасири тийгендигин билип тургандыгымдан, азыр бул чөптөр, мага ого бетер сулуу жана кооз болуп көрүнүшкөнсүйт.
309 Кээде мага бүткүл дүйнө, бүткүл жан-жаныбар, ар бир тал чөпкө чейин, сен биз үчүн сүйлөгүн дегенсип менден талап кылып жаткандай болот. Мен муну албетте, сезип турамын — канткенде мен айтып бере алам? — оо, бул залкар иш; бирок сүйлөй баштаганымда эле, сөзүм жаш баланын чулдуру болуп калат.
310 Мынакей, карап туруңузчу, мен жүздөмөндөн түшүп чөптөрдү жыттап жатайын бул жагымдуу жыт менин кыялымда миңдеген жаңы ойлорду жана элестерди жараткансыйт. Себеби мен ай-ааламдын жытын жыттап жатпаймынбы? Мен бакыттын ырын, күлкүсүн жана кайгы менен күрөштү, акырында ажалды да көрүп турамын.
311 Менин кыялымда чексиз көрүнүштөр пайда болуп, мен аларды сизге жана бүт жер жүзүнө билдиргим келет! Бирок, мен муну кантип бере алам, кеп ушунда. Сөзгө болсо чоркокмун. Мен сизге атыр жыттуу чөптөрдү жыттап жатып, сезген бардык сезимдеримди сөз менен баяндап, түшүндүргүм келген.
312 Баягыдачы, түшкү тамактын учурунда сиз мистер Бэтлерден кем калышкан жоксуз. Бир гана жери ал сизге караганда саал токтороок адам. Сиздин анча-мынча чапчаңдыгыңыз бар, бирок ал бара-бара өзү эле жоюлуп кетет. Сизден сөзгө чебер мыкты оратор чыгышы мүмкүн. Эгерде чын дит койсоңуз.
313 Сизде кандайдыр бир күч бар. Сиз элди өзүңүздүн артыңыздан ээрчите аласыз, буга көзүм жетип турат. Сиз алдыңыздан кездешкен бардык кыйынчылыктарды, кадимки грамматиканы жеңип чыккандай эле жеңип чыга аласыз. Сизге да, мистер Бэтлер жетишкен ийгиликтерге жетишүүгө эч нерсе тоскоолдук кыла албайт.
314 Руфь сүрөттөп өткөн келечек аны өзүнө кызыктыра албады, сүйүү азабы менен байланышкан жүрөгүндөгү үнсүз кайгы, терең чөгүү, аны биротоло кишендеп тургандай болду. Руфь анын чыгармачылык иштери жөнүндө бир жолу да сөз козгогон жок, мында ала келген кол жазмалары көңүлдөн чыгып чачылып жерде жатты.
315 Аңгеменин алчылантып көрсөтүлгөн жерлеринен башка бөлүктөрүнөн, ал ритмдүү сөз бурулуштарын учурата албады жана бул ага кандайдыр бир үстүртөн жазылгандай көрүндү. Аңгеме «үстүртөн жазылган» — бул Руфтун эң акыркы чыгарган корутундусу болучу, бирок ал муну ачык айткан жок.
316 Бирок, Мартин ирээнжий түштү. Ал өзүнүн чыгармасын Руфка сынатыш үчүн окуп берген эле да, бирок Руфь болсо, майда кемчиликтерине токтолуп, жалпысынан чыгарма жакшы жазылган деп гана тим болду Бул, албетте, аны канааттандыра алган жок. Кеп майда нерседе эмес да. Майда кемчиликтин жарасы жеңил.
317 Ал Руфка да аралары чекит жана үтүрлөр менен бөлүнгөн катар сүйлөмдөрдү эмес, жандуу турмушту көрсөткүсү келген. Ал өз көзү менен көрүп, жүрөгү менен сезген турмуштун зор жана маанилүү окуяларын бул кыска саптардан Руфь сезе алса деп каалаган. Бирок, мындай болуп чыккан жок.
318 Өтө жийиркеничтүү! Мартиндин жүрөгү көз ирмемге токтоло түшкөнсүдү. Жийиркеничтүү! Ал эч качан мындай деп санап, ойлогон да эмес. Бул аңгеме анын көз алдынан кадимки оттой жалындап күйгөнсүп жана анын көздү уялткан нурунан, ал эч кандай жийиркеничтүү эч нерсени сезгеи эмес.
319 Майда-чүйдөсүнө көңүл бурбай эле коюңуз. Эң башкысы сиз аңгеменин негизги оюн кармап калууга аракеттениңиз. Бул маанилүү жана туура ой, бирок билбейм, түшүнүктүү кылып бере алдымбы же жокпу? Ал окуп жатып, кез-кез Руфту көздөй көз чаптырып коюп жатты. Акырында ал аңгеменин Руфка жаккандыгын сезди.
320 Бул аңгеме Мартинди көздөй умтулууга өзүнө көмөк бергендигин сезбеген Руфь, күтүлбөгөн жерден башка бир коркунучтуу, жат, укмуштуу пикирден селт эте түштү. Ал нике жөнүндө ойлоно калып жана тынчтык бербеген кесирдүү бул ой аны чочутуп да жиберди. Ушул убакытка чейин бул ой ага жат, чоочун болгон.
321 Бул өтө ыңгайсыз сыяктанып көрүндү. Аны ушул убакка чейин бул сыяктуу назик сезим козгогон эмес эле, кала берсе, ал Теннисондун ырларында баяндалган жомоктор дүйнөсүндө жашап, акындын падышалар менен вазирлердин ортосундагы чыныгы мамилелерине токтолуп өткөн баяндарына да козголуп койгон эмес.
322 Турмуш аны катуу уктап жаткан жеринен ойготту. Коркунучтун кучагында калган Руфь бардык аракеттер менен качып, жашынууга умтулду, бирок, табыйгаттын закону аны бул чоочун жана ырайымдуу конокко баш ийип, кол сунууга аргасыз кылды. Мартин толкундануу менен Руфтун айта турган пикирин күттү.
323 Бул идеяны мен бүткүл аңгемеге сиңиргим келген эле. Бул аңгеме, бул идеянын сырткы кабыкчасы гана болуп саналат. Мен туура жолго түшкөнүм менен маселени аткаруу мага өтө кыйын болуп жатат. Балким, айтайын деген оюмду аңгемеде бере албай калган чыгармын. Мүмкүн мен мындан ары үйрөнөрмүн.
324 Руфь анын сөзүнө көңүл бурган жок. Руфь кооз искусствонун даанышманы болсо дагы, Мартиндин оюн түшүнө албады. Ал өзүнүн түшүнө албагандыгын Мартиндин жеткиликтүү бере албагандыгы деп билди. Сизде көп сөздүүлүк бар экен, — деди ал кайталап — бирок, кээ бир жериңиз абдан жакшы.
325 Мени азыр даңк жөнүндөгү ой эмес, ушул даңкка жетүүнүн жолу жөнүндөгү ой бөтөнчө кызыктырат. Кала берсе, даңк мага башка нерсе үчүн керек. Мен бир максат үчүн өтө даңктуу да болгум келет. Ал: «сиз. үчүн» деп айтып жибере жаздап, кайра Руфь өзүнүн чыгармасын анчалык кубаттабагандыктан, токтоп калды.
326 Руфь бул минутада анын келечеги жөнүндө терең ойго кетип, ошондуктан, ал эмне жөнүндө ойлоп тургандыгы тууралу сурап да койгон жок. Чыгарма жазуу менен атак-даңкка жетише ала тургандыгына Руфь түк ишенчү эмес. Ал муну үстүртөн жана кунарсыз жазылган чыгармалары менен азыр эле далилдеп олтурат.
327 Мына, эми ал азыр кол жазмаларын, жөнөтүүгө кудурети жетишпей олтурат. Ал толук бир айдан бери пайдаланган машинкасынын акысын төлөгөн эмес, мунун себеби, ал жаткан үйү менен ичкен тамагына, жана далдалчы мекеменин мүчөлүк акысына бар акчасын төлөп олтуруп калган. Ал столуна ойлуу көз жиберди.
328 Ал колдору менен көздөрүн басты. Көзүнүн жашы анын кирпиктерин нымдап жибергендей болду. Анын көз алдына алты жашар кезиндеги өзүнөн эки жаш улуу бир бала менен мушташа кетип, анын катуу токмогунан ыйлаганына карабай качууга аракеттенбей, өжөрдүк менен акырына чейин кармашканы элестей түштү.
329 Май Тумшук дайыма үстөмдүк кылуучу. Бирок Мартин бир да жолу качууга бет алган эмес. Ал мунусуна сыймыктануучу. Ал жанчылгандай таяк жеп калса дагы туруктуулук менен акыр аягына чейин салгылашуучу. Май Тумшук жүзү кара душман боло турган, ал эч качан кишини аяп койчу эмес.
330 Андан кийин Мартин үстү оюлайын деп жыгачтары көрүнүп калган жаман тамдар турган тар көчөгө келди. Көчөнүн аягынан бир кыштан салынган тамды көрдү, бул тамдан «Кабарчы» деп аталган кезиттин күндүзгү санын басып жаткан машиналардын бир калыпта чыккан жай дабыштары угулду.
331 Бирок, ошол эле балдар Май Тумшукка да, Мартинге берген эле кеңештерди беришти. Бул кармашууга акысыз көрүүчүлөр канчалык ыраазы болушту дейсиң! Мартин ой жүгүртүүсүнүн ушул жерине токтоло калып, ошол кезде балдар кандай кумардан таркашкандыктарын ойлоп, аларга өзү да суктана кетти.
332 Катуу кармашуу басмакананын дарбазасы ачылганга чейин жарым саат убакытка созулду. Мартин улам кайрадан өзүн күн сайын мектептен басмакананын эшигин көздөй шашып чуркап бара жаткан жаш бала сыяктуу элестетип жатты. Ал катуу чуркай алчу эмес. Ал дайыма мушташуудан саал бүкүрөйүп, аксап басуучу.
333 Кала берсе, Май Тумшук дагы бул кармашуудан жадап, шайы ооп калган эле, эгерде бир гана кезит таратуучу балдардын, ал экөөсүн күтүп кайраштыруулары жана булардын көз алдында намысын тарттырып шылдың болуп калууну ойлобосо, ал дагы, бул уруштан азыр эле баш тарткысы келип турду.
334 Чатак чечилбей калды. Кийин дал ошол күнү күтүлбөгөн жерден Май Тумшуктун атасы өлүптүр деген кабар угулду. Мартин кыялында бир нече жылдарды аттап өтүп, азыр өзүн театрдын жогорку ярусунда олтурганын көрдү. Жашы он жетиде, сүзүүдөн жаңы эле кайтып келген. Көрүүчүлөрдүн арасынан чыр чыга түштү.
335 Азыр Мартин бул салгылашуу өтө турган ыңгайлуу жердин ийне-жибине чейин көз чуркатып чыкты. Ал ар бир шайка өз жоокеринин жанында сурданып эки тарапта карап турганын көрдү. Мартин менен Май Тумшук белдерине чейин чечиништи. Белгиленген сакчылар көпүрөнүн эки башынан өздөрүнүн орундарын алышты.
336 Алар бири-бирин көздөй муштумдарын түйүп, сурдануу менен, кадимки бирин-бири майып кылууга, жара сүзүүгө качырышкан эки жаш букадай атырылып киришти. Адамзаттын узак убакыттар жана зор кыйынчылыктар менен жетишкен бардык сонун нерселери бир пастын ортосунда көздөн кайым болду.
337 Булар кээде адамга да окшобостон, кандайдыр бир бири-бирине учуп келип тийишкен эки куюнга окшоду. Убакыттар өтүп, эки топ тең бул окуядан көздөрүн албай, кайра кумарданышып, демдерин ичине ала, тигилише карап турушту. Алар мындай жин ургандай кармашууну эч качан билишкен эмес.
338 Бирок ал сыр берген жок. Ал ошол замат, ким менен салгылашып жаткандыгын жана андан эмнелерди күтүүгө боло тургандыгын түшүнүп, чыйрала түштү. Ал өзүнүн душманын кылдаттык менен байкап, анын колунан жаркырай түшкөн темирди көрүп, шамдагайлык менен кыябын таап аны колдон алды.
339 Билдиңби? Салгылашуу кайрадан башталып, ал экөөнү тегеректешип, өздөрүнүн көз кумарларын кан менен басышкан бул айбандардын үйүрү сезденишип жана урушту токтоткула деп ажыратканга чейин кызыл чеке болуп, суй жыгылышкандыктарына карабастан, бул эки кас душман бири-бирине аябай сокку ура берди.
340 Желмогуздай болуп, адам кебетесинен кеткен Май Тумшуктун шайманы оой түшүп, кол-буттары шалдырап, араң эле дем алып, эмне кыларын билбей, токтоло калды, бирок Мартин карап турбастан шак эткизе муштум менен тумшукка удаа-удаа берип алды... Алар бир кылым убакыт кармашкандай болушту.
341 Мартинднн жолдоштору карап турсунбу, жардамга умтулушту. Сол колу менен соккуга жооп кайтарып жатып, өз жолдошторуна Мартин бурулуп: силер аралашпагыла, өзүм эле жетишем деп кыйкырып жиберди да, аябай каардануу жана ызырынуу менен жалгыз колу менен болсо да, тарсылдатып кирди.
342 Айт... Дагыбы? — деп кайта-кайта кайталап сурай баштады. Ал туруктуулук менен жооп беришин талап кылып, жанагы суроосун кайталан берди, ал аңгыча өзүнүн жолдоштору аны колтукташып, сүйрөшүп, ага көйнөгүн кийгизүүгө аракеттенишип жатканын сезди да, күтүлбөгөн жерден эсинен тана түштү.
343 Ал эч нерсе ойлогом да жок. Ал өткөндөгүнүн бардыгын ушунчалык терең элестетип, көз алдына келтиргендиктен, кадимки Сегизинчи көчөдөгү түндөгү болгон кармашуудагы сыяктуу эс-учунан тана түштү. Бир нече минутага чейин ал эч нерсе көрүнбөгөн караңгылыктын кучагында кала түшкөндөй болду.
344 Анын башы айланып, буттары калтырап, мүдүрүлүп кете жаздап керебетке келип олтурду.. Ал али өткөндөрдүн элесинин кучагында болду. Ал эч нерсе түшүнбөй кеткендей бөлмөнүн ичине элеңдегендей көз жүгүртүп карап, бурчтагы үйүлүп жаткан кол жазманы көргөнчө ал өзүнүн кайда тургандыгын түшүнгөн жок.
345 Мына, ушул кезде анын учкул ою мурдагыдан тезирээк чабыттап дагы төрт жылдын катары сабалап өткөндөй болду, ал китептер жөнүндө жана бул китептен ачкан дүйнө жөнүндө элестеп, өзүнүн толкунданган кыялдары жана назик, жана жароокер, ак жуумал кызга өзүнүн терең сүйүүсү жөнүндө ойлонду.
346 О, эгерде ушул Мартиндин башынан өткөргөн турмуш ыпластарын жок дегенде, көз ачып-жумганча көрсө, эгерде ушул кыз, Мартиндин азыр эле эсине түшүргөндөрүнө да күбө болгон болсо, о, анда, анын коркунучтан жүрөгү жарылып кетпес беле! Ал ордунан туруп, күзгүдөн өзүн дагы бир жолу карады.
347 Бул анчалык деле маанилүү нерсе эмес. Сен качандыр бир кезде, Май Тумшукту жеңип чыккандай эле, азыр деле сен басма кызматкерлерин дагы жеңип чыгасың, бул үчүн сага үч эсе көп убакыт зарп кылынууга туура келсе дагы, сен буга даяр болушуң керек! Бирок, сен, токтолуп калам деп ойлобогун! Ага умтул.
348 Ал уйкуну жек көрүүчү. Ушунчалык көп нерселерди иштөө жана ушунчалык көп нерселерди баштан өткөрүү керек эле. Ал уйкуга тарттырган ар бир мүнөтү үчүн катуу өкүнүчтүү боло түштү: мына ошондуктан, ал сааттын үнү басылып бүткөнчө, чылапчындагы муздак сууга башын салып жууна баштады.
349 Өзүнүн аякталышын күткөн жаңы жазыла баштаган аңгемеси да, кагазга түшүшүн туруктуулук менен талап кылган анын башында аңгеменин жаңы темасы да жок эле. Ал акыркы күндөрү өзүнүн окушун өтө кеч бүтө турган болду, мына азыр болсо, убакыт эртең мененки тамакка жакындап калган эле.
350 Аны бүгүн дагы турмуш менен жаңыча кармашуу тагдыры күтүп турган, мына ошондуктан ал өзүнүн жазууларын бир нече убакытка токтотуп коюуну чечти. Ал өзүнүн үйүнөн жана үй-бүлө, бала-чакасынан ажыраган адам сыяктуу эмнегедир өтө капалуу боло түштү. Ал бурчтагы үймөк кол жазмага көз жиберди.
351 Кала берсе, алар анын аңгемесине караганда бир кыйла начар аңгемелерди да басып жатышпайбы? Ооба, алар чыгарып жаткан аңгемелердин бардыгы баштан аяк анын аңгемелерине караганда чындыгында эле өтө начар. Түшкү тамактан кийин ал басуучу машинканы кутусуна салып, Окленге жеткирип берди.
352 Ал жерге бири башчысы, бири жардамчысы болуп иштөөгө эки киши керек. Мен башчысымын. Ар ким өз ишин аткарат, бирок сен мага баш ийүүгө тийишсиң, Кандай дейсиң, макулсуңбу? Мартин ойлоно түштү. Бул келечегине бирдеме берер да. Бир нече ай иштегенден кийин анын окууга кайрадан убактысы болот.
353 Алигиче башым тегеренет. Кече анан калса ичкиликти аябай көп ичип койгон экенмин... Демек, иштин шарты мына мындай: эки кишиге жүз доллар жана жатакана берилет. Мен алтымыш, жардамчым кырк доллар алуучу. Бирок ал, иштин жайын мыкты билүүчү — ал эми сен болсоң, жаны үйрөнчүксүң.
354 Алгачкы убактарда мага сен үчүн да иштөөгө туура келет. Мисалы, айталы, сен эң алды отуз доллардан, андан кийин бара-бара кырк доллардан табасың. Мен сени алдабаймын. Качан ишке абдан көнүгүп, кадимкидей иштей баштаганыңдан тартып, өзүңдүн баягы кырк долларыңды ала баштайсың.
355 Кантесиң, жума бою кадимки эшек сыяктуу кайышып иштейсиң, андан кийин аракканага барбаска да чараң жок. Эгерде мен ичпеген болсом, анда же мекемени өрттөп, же өз кекиртегимди өзүм эчак кыя кесип салган болоор элем. Бирок, мен сенин ичпеген кишилерден экендигиңе өтө кубанамын.
356 Ал суук жана даамсыз боткону тигилер сыяктуу эле шашып-бушуп жеп, таза аба жутуш үчүн сыртка чыкты. Бул кичинекей киржуугучкана жаңы кир жуугуч машиналары менен жабдылып, көп оор иштер жеңилдей түшүптүр. Мартин Джодон кыскача насыят алып, тоодой болуп үйүлгөн кирлерди иргей баштады.
357 Мартин будильниктин коңгуроосун алтыга коюп, уйкунун беш саатын эсептеп чыгарыл таштап, саат түнкү бирге чейин китеп окууну чечти. Ал бутун эс алдыруу үчүн тапичкесин чечип, столго олтурду да, тегерете жыйылган китептерге үңүлдү. Ал Фисктин эки күн мурун окуп келип токтотуп койгон жерин атчы.
358 Анын башы эңги-деңги болуп, начар иштегендиктен, китептин бир эле сабын эки үч жолу кайталап окууга туура келди. Аңгыча болбой ал шишиген булчуңдарынын зырылдап катуу оорушунан жана ачык терезеден соккон тоонун муздак желинен үргүлөгөн көздөрү ачыла түшүп жатты. Ал бурулуп саатты карады.
359 Саат туура түнкү эки болуптур. Эми ага төрт гана саат эс алуу калды. Мына ушинтип ойлоп ал чечинип жаңы эле жаздыкка башы тиери менен уйкуга кетти. Шейшемби дагы, ушундай эле оор жумуштарды аткаруу менен өттү. Джонун иштеп көнгөн тездиги Мартинди эрксизден таң калтырып жиберди.
360 Ал азыр өзүнүн бардык көңүлүн ишке бурууга жана Джонун айткан насыяттарын орундатууну чечти. Ал үтүктөгөн кезде так калып калбас үчүн жеңдин учтары менен жакаларындагы крахмалды эптүүлүк менен ушалап, тазалагандыгы үчүн Джонун мактоосуна татыктуу болду. Алар эч бир тыныгуусуз иштешти.
361 Эртең түнкүсүн дагы иштейт окшойбуз. Шаршемби күндөрү дайыма түнкүсүн иштөөгө туура келет, түгөнбөгөн жакалар менен жеңдер. Мартин будильниктин коңгуроосун дагы коюп, столго олтуруп, Фискти ачып окуй баштады. Бирок ал китептин беттеринин бир сабын да аягына чейин окуй алган жок.
362 Сенин анда, окууга убактың да болот. Мартин бул күнү жегич самындын эритиндиси толтурулган чоң тепшиге жүндөн жасалган буюмдарды салып чайкады, экинчиден чайкоо жумушу Джо төмөндөгүдөй сыймыктануу менен кайталаган бөтөнчө бир ыңгайлаштырылып жасалган куралдың жардамы менен жүргүзүлө турган.
363 Кир таптоочу токмокту жана колду алмаштырат дагы бери дегенде, жумасына он беш мүнөттү үнөмдөйт! Мындай тозоктун ичинде, жумасына ар бир мүнөт эмне турарын билесиңби! Жең менен жакаларды таптоочу зор темир аспап дагы анын ойлоп чыгарган аспабы болуучу. Бир күнү Джо мындай деп түшүндүрдү.
364 Башка кир жуугучканаларда али мындайды ойлоп табыша элек. Мен мунун жардамы менен ишемби күнү жумушту саат үчтө аяктоо мүмкүнчүлүгүнө жетиштим. Бир гана муну — билгичтик менен пайдалануу керек. Бул үчүн бөтөнчө температура, бөтөнчө басым талап кылат — тапталуучу кийимдерди үч жолу басуу керек.
365 Эгерде ал велосипед менен барбай, темир жол менен барган болсо, жол акысы эки жарым доллар турмак, бирок Мартин бир тыйынын болсо да коротпой чогултууну бекем чечкен Мартин бир кыйла жаңы билимге ээ болду. Биринчи жумада ал Джо экөө бир гана күнү эки жүз ак көйнөктү жууп, үтүктөп чыгарышты.
366 Бул болсо сааттан саатка эс алуусуз созулган адамды суй жыккан оор жумуш эле. Конок үйүнүн ачык секичесинде ак кийимчен эркектер менен аялдар көңүл ачуу үчүн аркы-терки басышып, кээде столдорго олтурушуп, муздак суусундардан ичишет. Ал эми кир жуугучканада болсо, киши чыдагыс үп болуп турат.
367 Эрип кетчүдөй болуп кызарган плитадан лапылдаган ысыктын илеби келип, нымдуу кирлерди баскан үтүктөрдүн алдынан буу буралып чыгат. Үтүктөр демейдеги аялдар ысытканга караганда бир кыйла өткөрө ысытылуучу. Колду шилемейлеп, ысыктыгын сынап көргөн үтүктөр Мартин менен Джого али ысый электей сезилүүчү.
368 Экинчиден ага минтип тан калууга да убактысы жок эле. Мартиндин бардык ой-санаасы өзүнүн иштеп жаткан ишине бурулган. Ал кадимки-жандуу машина сыяктуу болуп, эч бир тыныгуу албастан колу менен да, башы менен да иштеди жана бул сыяктуу иш анын бүткүл кубатын өзүнө соруп алгандай болду.
369 Мына ушинтип, Калифорниянын аптаптуу ысыгынан сырттагы бардык кыймылдар тынчыганга чейин көп сааттар өтүүчү. Бирок, кир жуугучканадагы иш токтолчу эмес. Конок үйүнүн сыланышкан жашоочуларына таза кийимдер дайыма керек болуп туруучу. Мартиндин тери суудай акты. Ал сууну челектеп ичти.
370 Ал сүзгөн кеменин ээси анын убактысынын гана падышасы болучу, ал эми бул жердеги конок үйүнүн ээси болсо, анын убактысынын да жана кыялдарынын да падышасы болуп калды! Ал денени да, акылды да бирдей мөгдүрөткөн оор жумуштан башкалар жөнүндө ойлой да албады. Анын башка ойлору да жок болучу.
371 Мына азыр гана Мартин Джонун суроосуна алаксый түшүп, колундагы үтүктү эки жолу артык баш сүрүп жиберди. Жума күнү эртең менен алар кир жуучу машинаны ишке киргизишти. Конок үйүнүн дасторкон, кол аарчыгыч жана жаздык кап сыяктуу кирлерин жумасына эки жолу жууга туура келүүчү.
372 Ал күчкө салбай булчуңдарын бир аз бошоңдотуп, бардык көңүлүн салып этияттык менен үтүктөй алучу. Азыр да ушинтип иштеп жатып, Джонун өздөрү жуубагандыктан кана ушунчалык жука ич кийимдерди кийишкен аялдарга заарданып аябай ачуулангандыгына көңүл салып, колдоо менен тыңшап турду.
373 Бул чындыгында эле ушундай эле. Секундалар менен мүнөттөрдүн талыкпаган чалгынчысы, кашаңдыктын душманы, тоскоолдуктардын кыйраткычы, кубаттын түгөнгүс булагы, кубаттуулугу чектен ашкан адам мотору, адам эмес шайтан — азыр бир жумалык ишин аяктап, толук ырп этерге дарманы жок абалда турган эле.
374 Сен өзүңдүн канчалык чарчаганыңды билбейт окшойсуң. Мен болсом жекшембиге чейин тим эле ырп этерге алым да калбайт. Жа дегенде, газет окууга да чаркым келбейт. Мен бир жолу келте менен ооруп калдым. Ооруканада эки жарым ай жаттым — бирок бир жолу да кыбыр этип эч нерсе кылган жокмун.
375 Мартин мончого түшкөнү кетип, кайра келсе, Джо бир жакка кетип калыптыр. Мартин аны пиво ичкени кетсе керек деп ойлоп, бирок аны издеп кыштакка барууга көңүлү чаппады. Ал үйүнө келип, керебетке бутун чечпестен кыйшайды да, түркүн ойго кетти. Китепти болсо мурдагы бойдон ачкан жок.
376 Джо али келген жок. Бакчы Мартиндин суроосуна жооп кайтарып: — Джо мүмкүн арак ичкен жеринен чыга албай отургандыр, — деди. Мартин кечки тамактан кийин эле жатып, терең уйкуга кетти, эртеси күнү эртең менен өзүн толук эс алгандай сезип, уйкусунан ойгонду. Джо болсо дагы эле келбеди.
377 Ал күн шашкеден кандай өткөнүн билбей калды. Анын газета окушуна эч ким тоскоолдук да кылган жок көзү талып уктап да кеткен жок, бирок ошондой болсо да, газетти акыр аягына чейин окуй албады. Түштөн кийин ал кайрадан окууга киришти эле, бирок тез эле газетти жазданып, уктап калды.
378 Ал аябай чарчагандыктан, ойлоого мээси да иштебей жана ал кандайдыр бир уят жана түзөтүлбөй турган кемчилик кетирген сыяктуу өзүнө өзү катуу жек көрүүнү сезе баштады. Анын бардык жогорку сезимдери төмөн чөгүп, даңкты сүйүүчүлүгү мокоп, кубаты ушунчалык азайгандыктан, ал эч кандай умтулууну сезбеди.
379 Турмуш ага акылсыз жана эч кандай мазмунсуз түзүлгөндөй көрүнүп, мына ошондуктан анын эсинде бир гана өтө жагымсыз көрүнүштөр калган сыяктуу болду! Анын элестерин кандайдыр бир кара булут каптагансып, ал эми кыялы болсо, күн шооласы тийбеген караңгы бурчка камалгандай сезилди.
380 Мартин дайыма ишемби сайын кыштакка барып, ылжып мас болуп жана ушул максаттын натыйжасында, алдыңкы жумадагы өзүн күтүп турган азаптуу оор жумуш жөнүндө унутуп келүүчү Джого эми суктана баштады. Күндөр үчүнчү жумага айланып бара жатты. Мартин өзүнө өзү түбөлүк наалат айткансыйт.
381 Ал өзүнүн «Деңиз ырларын» кыжыры келип, өрттөп салгысы келди, бирок өрттөш үчүн машина бөлүмүнө барып от жагыш керек эле, ал эми бул бөлүмгө барууга убактысы жетишпеди, анын бардык убактысы башкалардын кийим-кечектерин жууга кетип, өзүнүн жеке иштерине болсо жетишчү эмес.
382 Бул иш эмес эле бир тозок деп, мен сага айтпадым беле, — деди Джо сөзүн улантып. — Чынын айтсам, мен сенин көз карашыңдан тайгандыгыңды жактырганым жок, Март. А, койчу, мунун баары кеп эмес! Кана, ичип жиберели. Мартин унчукпастан ичип, ал экөө улам жаңы бөтөлкөлөрдү бошото беришти.
383 Бирок Мартин эч нерсе деп жооп кайтарган жок. Дагы бир эки стакан ичкенден кийин анын башы эңгир-деңгир боло түшүп, жер айлан көчөк тарта баштады. Эх! Өткөн жумалардан бери ал, азыр гана турмуштун кооздугун сезип, ага кубанычтуу карады. Анын мурдагы жандуу кыялдары эми өзүнө кайтып келгендей болду.
384 Анын туманданган элестерине да жарык шоола тийгендей нурданып, кооз көрүнүштөр көз алдынан катарлашып чубап өткөнсүп жатты. Дүйнөдөгү эң сонун жана таңкаларлык нерселер азыр ага жанашкансып, кайрадан бардык нерсени түшүнгөндөй, бардык нерсе колунан келе тургандай сезип турду.
385 Экинчиден кечки саат алтыдан кийин кир жуугучкананын бардыгында бир жан да калбасын. Уктуңбу? Иш өз убактысында бүтүш үчүн мындан ары машина дагы жана адамдар да көп болот. Мен сени болсо өзүмдүн жардамчым кылып алам. Менин оюм мындай ичкиликти таштап акча чогултуп, анан эки жылдан кийин.
386 Мартин падышалык марттык менен аракканадагылардын бардыгын — бир канча жалданма кедейди, бакчанын жардамчысы менен конок үйүнүн ат баккычын, жанагы кыштактык жигитти, аракканага кадимки көлөкө сыяктуу илээшип келип, элдин эң четинде томсоруп турган дагы бир кайырчыны кошо сыйлады.

Связаться
Выделить
Выделите фрагменты страницы, относящиеся к вашему сообщению
Скрыть сведения
Скрыть всю личную информацию
Отмена